Ысык-Көлдө эко-милициянын кызматкерлердин арасында сынак өттү

Ысык-Көл Орхус борбору октябрь-ноябрь айларында облуста экополиция кызматкерлери арасында курчап турган чөйрөнү коргоо жана аймактын калкына жагымдуу жашоо шарттарын камсыз кылуу боюнча сынак уюштурду. Сынактын максаты айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу инспекторлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызматкерлер менен инспекторлорду өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууга үндөө болгон. Бул сынак ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосунда Ысык-Көлдөгү Орхус борбору жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

2 ай аралыгында эко-милициянын бүтүндөй кадрлар катышып, экологияга болгон мамилени жакшыртууга салым кошту. Бул аралыкта мыйзам бузуучуларды жана браконьерлерди тартуу боюнча иштердин темпи жогорулап, экологиялык нормаларды сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экомилицияга көмөк көрсөтүү боюнча коомдук иштерге ыктыярдуу жаштардын саны көбөйдү. .

24-ноябрь 2023-жылы Каракол шаарында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында, туристтик-экологиялык милиционерлер, коомдук инспекторлор арасында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Сынак бир ай бою төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:

  • « Мыкты эколог»
  • «Мыкты туристтик-экологиялык милиция кызматкери»;
  • «Мыкты коомдук инспектор» номинациялары боюнча жүргүзүлдү.

Сынактын жыйынтыгы менен эксперттик комиссия жеңүүчүлөрдү аныктап, аларга дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды.

Бул иш-чара айлана-чөйрөнү жакшыртууга жана аймактын коруктарына кам көрүүгө биргелешип катышуунун мисалы болуп саналат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *