Орхус Борборунун КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана КР БУУӨП менен биргелешкен тегерек столу
2025-жылдын 8-августунда Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана БУУӨП Кыргызстан менен биргеликте БУУӨП Кыргызстандын «Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) талаптарына ылайык Эки Жылдык Ачыктык Отчетторун (ЭЖАО 1) жана Бешинчи Улуттук Билдирүүнү (УБ5) даярдоого жана берүүгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында Биринчи Эки Жылдык Ачыктык Докладдын (ЭЖАО 1) долбоорун талкуулоо боюнча Валидациялык тегерек стол өткөрдү. Долбоор БУУ КӨАК финансылык механизминин негизги операторлорунун бири болгон Глобалдык Экологиялык Фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланып, Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан Кыргызстанда биргелешип ишке ашырылууда. Ал Кыргызстандын БУУ КӨАК жана Париж макулдашуусу боюнча үзгүлтүксүз отчеттуулугун даярдоого колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Бул долбоордун алкагында Кыргызстан өзүнүн биринчи ЭЖАОсун, бешинчи УБсын, андан кийинки экинчи ЭЖАОсун даярдоого жана аларды БУУ КӨАК отчеттуулук талаптарына жана улуттук өнүгүү максаттарына ылайык БУУ КӨАКка берүүгө колдоо алат. Мындан тышкары, өлкөгө кийинки ЭЖАО жана УБ үчүн долбоордук сунушту даярдоо үчүн өзүн-өзү баалоону жүргүзүүдө колдоо көрсөтүлөт.
Талкуу мамлекеттик жана ведомстволук түзүмдөрдүн, академиялык жана эл аралык корпустун, коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун ар кыл тармактарынан кызыкдар тараптардын катышуусунда өттү. Тегерек столдун ишинин соңунда көптөгөн суроолор берилип, сын-пикирлер айтылып, эксперттик топко сунуштар берилди. Эксперттик топ аларды иштеп чыгып, айдын аягында 2-Валидациялык тегерек столдо акыркы материалдарды сунуштайт.