Нарын шаарында элчи А.Рогов менен студенттердин жолугушуусу болду.

Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде 2024-жылдын 10-сентябрында элчи, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси А.Рогов менен студенттердин жана окутуучулардын жолугушуусу өттү. Жолугушуунун алдында А.Рогов университеттин сүрөт көргөзмөсү жана университеттин окуу кабинеттери менен таанышты.

Андан соң университеттин аудиторияларынын биринде кызматкерлер жана студенттер менен жолугушуу болуп, анда окуу жайдын ишмердүүлүгү, окуу процессинин жүрүшү, сабактар ​​жана кызыкчылык топтору, Нарын Орхус Борбору менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун соңунда университеттин жетекчилиги узак мөөнөттүү кызматташууну каалап, аталган окуу жайга келгендиги үчүн ыраазычылык кат жана эстелик белек тапшырды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *