Орхус Конвенциясын улуттук докладдар

УЛУТТУК ДОКЛАДДАР

2021-жылы 2017-2020-жылдар мезгилинде Орхус Конвенциясын жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын алтынчы улуттук доклады даярдалган жана Катчылыкка берилген. Жүктөө.

Улуттук отчет Кыргыз Республикасында Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик аткаруу органы болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан даярдалган. Даярдыктын жүрүшүндө ЕККУнун колдоосу менен Кыргыз Республикасы тарабынан Конвенциянын жоболорунун жана милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүлдү жана акыркы үч жыл ичинде кабыл алынган НУАнын анализи жүргүзүлдү.

20-ноябрында 2020-жылы Бишкекте өткөрүлгөн онлайн процессин талкуулоо боюнча тегерек стол даярдоонун Улуттук баяндаманы Кыргыз Республикасынын жүзөгө ашыруу жөнүндө Орхус Конвенциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кызыкдар болгон министрликтердин, ведомстволордун, бизнес-түзүмдөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын.

2016 -жылы Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча Төртүнчү Улуттук доклад даярдалган.Жүктөө.


2013 -жылы Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча Төртүнчү Улуттук доклад даярдалган.
Жүктөө.

Докладдын негизи болуп мурдагы Кыргыз Республикасынын үч Улуттук докладдарынын талдоосу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, программалык документтер, пландар, декларациялар, форумдардын, семинарлардын жана тренингдердин материалдары саналган. Доклад Орхус Конвенциясы боюнча Ош шаарындагы Маалыматтык Борборунун көмөгүнүн алдында, экологиялык ӨЭУ жана коомчулуктун катышуусу менен даярдалды. Докладдын долбоорун талкуулоо үчүн КТЧКТЧМАнын www.nature.kg расмий сайтында, портал тармагынын CARNet «Курчап турган чөйрө жана Борбордук Азияда жана Россияда туруктуу өнүгүү» www.caresd.net, Экологиялык маалыматтык сервиси «Экоис» www.ekois.net. жайгаштырылган. 2013-жылдын 11- декабрында Бишкектеги ЕККУ Борборунун колдоосу алдында кызыкдар болгон министрликтердин, ведомстволордун, бизнес-түзүмдөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол өткөрүлдү. Улуттук докладдын долбоору тегерек столдун жыйынтыгы боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, ошондой эле ӨЭУ жана коомчулуктан түшкөн жазуу жүзүндөгү маалыматтарга ылайык толукталды жана Орхус Конвенциясынын Секретариатына жиберилди.

2010-жылы, ПРООНдун Экологиялык программасынын колдоосу астында, “Көз карандысыз экологиялык экспертиза” Коомдук Уюмунун эксперттерин тартуу менен экологиялык ӨЭУ жана коомчулуктун активдүү катышуусунда, Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча үчүнчү Улуттук доклад даярдалганЖүктөө. Докладды даярдоого активдүү катышкандыгы үчүн “Көз карандысыз экологиялык экспертиза”Коомдук Уюмунуна, “БИОМ” Элдик кыймылына, “Древо жизни” АӨБ, “Милиеконтакт” Комдук Фондуна ж.башкаларга, ошондой эле, Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча, сот адилеттигине жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу, жарандык коомдун маалыматтуулукка жеткиликтүүлүгү боюнча тармак» долбоору жана Орхус конвенциясын колдоо боюнча Ресурстук борбору, Оштогу маалыматтык Орхус борборуна ыраазычылык билдиребиз. Маалыматтарды бергендери үчүн кызыкдар болгон министрликтерге жана ведомстволорго ыраазылыгыбызды билдиребиз. Зарыл болгон материалдарды алуу үчүн КТЧКТЧМА тарабынан кызыкдар болгон мамлекеттик түзүмдөрдүн бардыгына өтүнмөлөр жиберилген. Алынган маалыматтар боюнча негизгилер докладга киргизилди.

2010-жылдын 19- ноябрында «Парк Отель» мейманканасынын конференц-залында ПРООНдун Экологиялык программасынын колдоосу астында ЕЭК ООН Кыргыз Республикасындагы «Коомчулуктун курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча, сот адилеттигине жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу, маалыматтуулукка жеткиликтүүлүгү жөнүндө» Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча Улуттук докладдын долбоорун талкуулоо боюнча Тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столдун ишине кызыкдар болгон министрликтердин жана ведомстволордун Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, эл аралык уюмдардын (ПРООН, ЕККУ), ӨЭУ жана коомчулуктун 52 өкүлү катышышты. Региондордун катышуусун, Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча, сот адилеттигине жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу, жарандык коомдун маалыматтуулукка жеткиликтүүлүгү боюнча тармак» долбоорунун алкагында түзүлгөн жана Орхус конвенциясын колдоо боюнча Ресурстук борборлорунун өкүлдөрү түзүштү.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Улуттук докладдын долбоору тегерек столдун жүрүшүндөгү маалыматтарды жана сунуштарды эске алуу менен, ошондой эле жазуу жүзүндө түшкөн маалыматтарга ылайык толукталды. Доклад Конвенциянын Секретариаты тарабынан иштелип чыгарылган консолидацияланган форматка ылайык даярдалды. Мында, өлкөнүн Улуттук доклады мурдагы докладдын базасында жана сөздүн саны 13000 сөздөн көп эмес (жаңы маалыматка 5000 сөз) болуп түзүлүшү керек. Ушул чектөөгө байланыштуу, алынган маалыматтардан жана сунуштардан кээ бири докладга киргизилбей калган.

2007 -жылы Конвенциянын Тараптарынын Конференциясынын жыйынына сунуштоо үчүн, Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө экинчи Улуттук доклад даярдалган. Жүктөө

2004-жылы Кыргыз Республикасы БУУнун (ЮНИТАР) Окуу программасы жана илимий-изилдөө институту, БУУнун (ЕЭКООН) Европалык экономикалык комиссиясы үчүн Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча өлкөлөрдүн ыктуулугун баалоо боюнча Улуттук Профилин даярдоодо өлкөлөргө жардам берүүнү көрсөтүү боюнча үч пилоттук өлкөнүн бири катары тандалып алынган. Улуттук Профиль кызыкдар болгон тараптарды кеңири тартуу менен даярдалды. Жүктөө
Орхус Конвенциясынын тараптары болгон – өлкөлөрдүн улуттук докладдары менен Орхус маалыматтык-координациялык борборунун сайтында таанышып алсаңыздар болот

(http://aarhusclearinghouse.unece.org) жүктөө боюнча http://apps.unece.org/ehlm/pp/NIR/index.asp