Жети-Өгүз районунун мониторинг

2020-жылдын 12-июнунда 2020-жылга бекитилген иш-чаралардын алкагында Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын адистери менен биргеликте, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосундагы токой фондунун жерлерине мониторинг жүргүзүштү.

Аталган иш-чарага аймактык башкармалыктын токой экосистемалары жана мергенчилик ресурстары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Уланбеков Тилек консультант катары тартылган. Консультантка мониторинг жүргүзүү менен төмөнкү техникалык тапшырмаларды аткаруу жагы тапшырылган.

-Жети-Өгүз районунун токойлорун кылдат карап чыгуу

-токойлордун ар кандай таштандылар менен булганышын аныктоо

-токойлордун органикалык абалы

-токойлордун адамдардын ден-соолугуна жана абалына тийгизген таасири

-токойлордун аймактын флора жана фаунасына тийгизген таасири

Мониторинг учурунда 32-кварталдагы 11,10,45,16,17,18-кыдырмалардагы токойлор текшерилип, ооруган бак-дарактар аныкталган жок. Токойлордун аянтын көбөйтүү максатында жаш карагайлардын көчөттөрү отургузулуп, малдардан коргоо үчүн тегереги тосулган.

Мындан сырткары токойчулар тарабынан жайлоого чыккан малчылар жана туризм багытында иш алып барган жарандар менен токойду коргоо, тазалыкты сактоо, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, керектүү эскертүүлөр орнотулган.

Таштандыларды таштоо үчүн атайын жер бөлүнүп, идиштер коюлган, шамал болгондо таштандыларды учуруп кетпеси үчүн тегереги курчалып үстү жабылган. Жай мезгили учурунда ижарачылар тарабынан 3 күндө бир жолудан таштандыларды ташып кетүү уюштурулган.

Ошондой болсо дагы  кээ бир адамдардын кайдыгер мамилесинин негизинде, токойлордун арасында, суулардын боюнда желим бөтөлкөлөр, целлофан баштыктары жаткандыгына күбө болдук.

Малдардын жайылуусуна чектөө коюлгандан баштап, жердин чөп кыртышынын абалы кыйла жакшырган.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу, керектүү иштерди алып баруу үчүн жергиликтүү өз алдынча органдарына, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштар жиберилет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *