Аймактарда Орхус борборлорунун кезектеги иш-чаралары болуп өттү

2024-жылдын 14-июнунда Чүй облусунун Сокулук районунда гендердик теңчилик маселелери боюнча көчмө тегерек стол болуп өттү. Иш-чараны Бишкектеги Орхус Борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Глобалдык суу өнөктөштүгү” коомдук уюму менен биргеликте уюштурган. Иш-чарага ЖОЖдордун окутуучулары, Чүй облусунун суу пайдалануучулар (СПА) ассоциациясынын кызматкерлери, айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын адистери, облустун коомчулугу катышты. Негизги тема катары – аялдар уюмдарынын ишмердүүлүгү менен таанышууга, аялдар уюмдарынын катышуусу жана экологиялык туруктуулукту жакшыртуу жаатында ишенимди арттыруу болду.

Жыйындын башында катышуучулар Сокулук районунун Студенческое жана Төрт-Көл айылдарында жайгашкан СПАларга барышып, жергиликтүү аялдар уюмдарынын иши менен таанышышты. Анан тегерек столдун өзү өткөн Сокулук айылына көчүп келдик.

13-15-июнь күндөрү Нарын облусунда Соң-Көл көлүндөгү биологиялык ар түрдүүлүк жана Жумгал районунун Чаек айылында жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу көйгөйлөрү боюнча семинарлар өткөрүлдү.

Чаек айылы

Сон Кол

Эки жолугушуу тең Нарын Орхус борбору тарабынан ЖРЭТКМнын Нарын аймактык бөлүмү жана Каратал-Жапырык жаратылыш паркы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду. Анын катышуучулары – облустун тургундары, фермерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана экологиялык кызматтар болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү калк үчүн курчап турган чөйрөгө жагымдуу мамиле, анын абалына адамдын таасири жана облустун бардык субъекттеринин кылдат мамилеси боюнча маанилүү маселелер көтөрүлдү.

2024-жылдын 20-июнунда ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы орто мектептин актовый залында Ысык-Көл Орхус борбору тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү.  Тегерек столдун максаты – Орхус Конвенциясынын принциптери, Ысык-Көл Орхус Борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымат берүү, Жыргалаң айылынын аймагындагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоо, мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *