Талас шаарындагы тегерек стол

2017-жылы 3- октябрында Талас областындагы Талас шаарында  «Коомдук уюмдардын иш жүзүндө катышуусу – Орхус Конвенциясын  ишке ашыруунун кепили» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарындагы Орхус Борбору, Бишкектеги ЕККУ Программалык офисинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынын колдоосу алдындагы «Талас областынын Альянс Коомдук экологиялык уюму» болушту. Өткөрүлгөн иш чарага коомдук уюмдардын, Талас университетинин, жаштар уюмдарынын, экологиялык кызматтарынын  жана   көз карандысыз эксперттердин, региондогу экологдордун өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун негизги милдети   Талас регионунундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө,  курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу, Орхус Конвенциясынын рекомендацияларын жана жоболорун колдонуу боюнча    жана  экологиялык коргоо жөнүндө, экологиялык кызматтардын жүргүзгөн иштери жөнүндө өкүлдөрдүн маалыматтарын угуу. Иш чаранын негизги докладчиктери  Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынын начальниги  Болотбек Кадырбеков, «Талас областынын Альянс Коомдук экологиялык уюму»  Ассоциациясынын аткаруучу  директору Т.Момунбеков,  Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун директору А.Нурбеков болушту.  Презентациянын ишинин аягында Талас областынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин атынан экологиялык саясатты ишке ашыра турган башкы аткаруучу катары Талас аймактык башкармалыгынын начальниги  Болотбек Кадырбековго берилди. Суроолор ар кандай экологиялык мүнөздө болду жана   региондун көйгөйлөрү боюнча маселелерди камтыды.

Ал эми  университеттин өкүлдөрү  Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча пландык иш чараларды ишке ашырууну жүргүзүү  жолдорундагы көйгөйлөрдү, калк менен агартуу жана усулдук иштердин жүргүзүүнүн алсыздыгы, «Айкөл» жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, Талас шаарындагы № 95 турак жай кварталында  жүргүзүлүп жаткан курулуштун көйгөйлөрүн, Курчап турган чөйрөгө зыян келтире турган  полиэтилендүү  пакеттерди чыгаруу боюнча цех тууралуу маселелерди көтөрүп чыгышты. Ошондой эле бир канча жылдар  мурун тигилген жол боюндагы бак дарактарга жасалган мамилелер жөнүндө; оор жүк ташуучу машиналардын көбөйүшү, алардын  региондун экологиясын бузуп жаткандыгын  жана адамдын ден соолугуна келтирип жаткан зыяндуулугун;  шаарларда жана айылдарда калдыктардын көбөйүшү жөнүндө, аларды туура жайгаштырууга ыңгайлуу  жерлеринин жоктугун жана башка көп маселелер талкууланды. Бардык берилген суроолорго кызыкдар болгон тараптардан жооптор айтылды, ошондой эле жаратылышка маданияттуу мамиленин начардыгы жөнүндө дискуссия өткөрүлдү.

Тегерек  столдун жүрүшүнүн экинчи жарымында    Орхус Борборунун кызматкерлери тарабынан Орхус Конвенциясынын   жоболорун колдонуу боюнча    рекомендациялар берилди. Ошондой эле, Орхус Конвенциясын колдонуу боюнча     Борбордун эксперттери жана  консультанттары тарабынан  коомчулуктун койгон  кызыктуу маселелери  тууралуу жооптор узатылды   жана түшүндүрмөлөр берилди. Ал эми тез чечиле турган көйгөйлөр болуп калса, аларды чечүү үчүн   Бишкек  шаарындагы Орхус Борборунун офисине жана Талас шаарындагы  өнөктөштөргө, анын ичинде  «Талас областынын Альянс Коомдук экологиялык уюму»  Ассоциациясына кайрылууга болот.

Тегерек столдун ишинин аягында  бардык катышуучуларга  экологиялык мыйзамдуулук ченемдердин сакталышы  жана өзүнүн ишмердүүлүгүндө  иш жүзүндө колдонуу үчүн,           Бишкектеги Орхус борбору тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Бишкектеги ЕККУ Борборунун Программалык офиси, Кыргыз Республикасындагы ПРООН  дун катышуусунда,  Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы   Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын 2009 –жылдан  2016-жылга чейинки кабыл алынган жана чыгарылган  жыйындысы  таратылып берилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *