Кендерди пайдаланууда жана айлана-чөйрөнү коргоо багыттарындагы ченемдик-укуктук актыларын сактоо боюнча семинар.

29-май 2024-жылы Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүндөгү кен байлыктарды иштетүүдө КР « Жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү », « Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндөгү », «Жаныбарлар жана Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо», «Атмосфералык абаны»,  «Суу Кодекси », «Жер Кодекси»,  «Токой Кодекси»,  «Турмуш тиричилик жана өндүрүш калдыктары» мыйзамдары, “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө ЖОБО” боюнча семинар өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин “Жашыл экономикага жана айлана чѳйрѳнү башкарууга кѳмѳктѳшүү” долбоорунун  алкагында Орхус Борбору, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирилигинин алдындагы Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад аймактык башкармалыгы (ЖРЭТКМ ЭТКК ЖАБ) менен биргеликте уюштурду. 

Семинарга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин өкүлү, КР ЖРЭТКМ ЭТКК ЖАБ өндүрүштүк көзөмөл боюнча мамлекеттик инспектору, Ак-Жол айыл өкмөтүнүн адистери жана айыл башчылары болуп жалпысынан 24 киши катышты.

Ачуу аземинде Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев, Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н. Эшимбеков жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин өкүлү С. Рыскулова сөз сүйлөп, катышуучуларга семинардын маанилүүлүгүн белгилешти. 

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, КР «Жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү», «Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндөгү», «Жаныбарлар жана Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо», «Атмосфералык абаны», «Суу Кодекси», «Жер Кодекси», «Токой Кодекси», «Турмуш тиричилик жана өндүрүш калдыктары» мыйзамдары, “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө ЖОБО” боюнча кеӊири презентация жасады. 

КР ЖРЭТКМ ЭТКК ЖАБ инспектору М. Нишанов кендерди иштетүүдө бул аталган мыйзамдардын так аткарылуусун камсыздоо баардык кызыктар тараптардын милдети экенин баса белгиледи. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча катышуучулар суроолорун беришти. КР ЖРЭТКМ ЭТКК ОРБ инспектору жана Орхус Борборунун адистери толук жоопторун беришти. Кен байлыктарды иштетүүдө компаниялардын, айыл өкмөтүнүн жана атайын кызматтардын биргеликте иш алып баруусу жана кызматташуу өтө маанилүү экенин белгилешти. 

Соӊунда катышуучулар төмөнкү сунуштарды беришти:

  1. Ташталган кен өндүрүлгөн объекттерге байкоо жүргүзүүнү уюштуруу;
  2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамдарды жеткирүү;
  3. Ведомство аралык райондук денгээлде көмүр кендери өндүрүлгөн тилкелерде калыбына келтирүү иштери боюнча тегерек стол уюштуруу сунушталдды. 

К. Исабаев катышуучуларага ыраазычылык билдирип, Орхус Борбору айлана чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууга даяр экенин билдирди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *