25-май 2023-жылы Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин бүтүрүүчү студенттери менен тийиштүү тармактагы жумуш берүүчү мекемелердин адистеринин ортосунда жолугушуу уюштурулду.

Бул жолугушуу жогоруда аталган факультетте КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын, Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык артүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Х. Мурзаев, Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн башчысы К. Закиров, КР Айыл чарба министирлигине караштуу Токой кызматынын, Ош токой чарбасынын башкы токойчусу Т. Эгембердиев жана Орхус Борборунун адистери менен жалпысынан 50дөн ашуун студент жолугушту.

Жолугушууда мекемелердин ишмердүүлүгү, ваканттык орундар, жана жумушка кирүү шарттары боюнча чакырылган коноктор толук маалымат беришти.

Иш-чаранын соӊунда суроолор болуп тийиштүү адистер толук жооп беришти. Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев бүтүрүүчү студенттерге ийгилик каалап, өз кесиптеринин мыкты адистери болууга чакырды.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси А. Матисаев.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *