Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айыл өкмотүндөгү тобокелдер картасын түзүү жана табигый кырсыктардын тобокелдеринин анализи боюнча өткөрүлгөн тренинг жөнүндө маалымат

2017 – жылдын 14-июнунда Ош шаарында  Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун ЕККУ Программалык офисинин финансылык колдоосунун астында  Маалыматтык Орхус Борбору тарабынан   «ЕККУ иш аракетинин зонасында табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү»  долбоорунун алкагында Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Жарандык коргонуу боюнча Комиссиясынын мүчөлөрү үчүн тренинг өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн тренингдин ишине   20 адам катышты: бардык айылдардын  старосталары, жергиликтүү кенештердин депутаттары,   Айылдык Аймактардын Жарандык коргонуу боюнча Комиссиясынын мүчөлөрү жана адисттери.

Тренингдин негизги максаты булар болуп саналат:

  • жергиликтүү жамааттардын жана   аталган айылдык  аймактын коомчулугунун жашоо тиричилигине материалдык, экономикалык же   экологиялык зыяндарды жана таасирлерди  келтирген, жашаган калктын ичинде кырсыктын себеби болуучу, ошондой эле өз күчтөрү жана аракеттеринин күчү жете албай турган күтүүсүз окуялардан келтирилген  кырсыктарды аныктоо;
  • адамдардын  травма алуусуна жана өлүмүнө алып келүүчү, мүлктүн зыян болуусуна, социалдык же болбосо  экономикалык дестабилизацияга, же болбосо курчап турган чөйрөнүн деградацияланышына туш келтирүүчү коркунучтарды аныктоо;
  • шарттардын жана процесстердин, физикалык, социалдык, экономикалык жана экологиялык факторлордун кесепеттери болуп эсептелген, структуралык, структуралык эмес жана физикалык жактан алсыздык комплексинин –  жамааттар тарабынан коркунучтардын таасирине туш болуу денгээли боюнча калктын алсыздыгын аныктоо;
  • адам жоготууларына жана мүлктөрдүн зыян болууларына  алып келген, жашоо тиричилик каражаттарынын,    аталган жердин кызмат көрсөтүүлөрүнө жана инфраструктурасына таасирин тийгизген, алсыздык кырдаалдар жана ар кандай коркунучтар менен байланышкан, тобокелдердин масштабдуулугу жана мүнөзүнө карата салыштырмалуу анализ жүргүзүү;
  • коркунуч келтирүүчү (алсыздык жана коркунуч) тобокелдерин төмөндөтүү боюнча, өзгөрүп кетүү  тобокелдеринин факторлоруна ынгайлашуу боюнча, табигый кырсыктарды мындан ары болтурбоону жогорулатуу боюнча чараларды аныктоо;
  • табигый кырсыктардын алдын алуу же болбосо аларды азайтуу – мүмкүн болушунча –коркунуч денгээлин төмөндөтүү, же болбосо – көп учурларда – алсыз учурларда аларды төмөндөтүү боюнча чараларды аныктоо;
  • күтүлбөгөн табигый кырсыктардын болуп калуусуна даяр болуу, эгерде коркунуч түзүлүп калган учурда кырсык болуп кетсе, калктын ичинде зыян болгондордун санын төмөндөтүүгө жана келтирилген зыяндын масштабын төмөндөтүүгө багытталган  иш чараларды аныктоо;
  • табигый кырсыктардын тобокелдерин кыскартуу жаатында, планын даярдоо, ошондой эле табигый кырсыктардын тобокелдерин кыскартуу жаатында тажрыйбаларды жана   жергиликтүү бийлик органдарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү маселелерин пландарга жана программаларга киргизүү.

Тренингди Кулунду айылдык аймагынын Башчысы К. Тажибаев ачып берди. Ал табигый кырсыктардын тобокелдерин кыскартуу жаатында аталган тренингдин жана Жарандык коргонуу боюнча Комиссиясынын мүчөлөрү жана Ыктыярдуу сактоочу команда мүчөлөрү үчүн мурдагы өткөрүлгөн тренингдердин маанилүүлүгүнө токтоло кетти. Сөзүн аяктоо менен ал  Тажикстан Республикасынын Согдия областынын Б.Гафуров районунун Овчи Калача  Жамааты менен чектешкен Максат, Интернационал айылдарында   табигый кырсыктардын жана коопсуздук тобокелдерин төмөндөтүү   боюнча  тренингдерди уюштуруу үчүн ЕККУ ыраазычылык билдирип кетти.

Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун директору  К. Исабаев тренерлер менен тааныштырып өттү.

Тренингди  Д.Садиков, А. Көккөзов алып барышты. Тренингдин  сессияларында тренерлер  төмөнкү темаларда сөз сүйлөштү:

  • Табигый кырсыктардын тобокелдер анализинин негизги түшүнүктөрү;
  • Негизги маалыматтардын жалпы аныкталган жыйындысы;
  • Коркунучтардын бааланышы жана анализи, болжолдоо;
  • Таасирлердин жана алсыздык анализи;
  • Тобокелдүүлүк анализи;
  • Тобокелдүүлүк анализинин жыйынтыгы боюнча иш аракеттер;
  • Табигый кырсыктардын тобокелдүүлүк анализин ишке ашыруудагы деталдаштырылган пландоо.

Тренингдин ишинин аягында катышуучулардан ар кандай багыттагы көптөгөн суроолор берилди, түшкөн суроолор боюнча   тренерлер Д. Садиков, А. Көккөзов жана Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун директору  К. Исабаев жеткиликтүү  жоопторду узатышты.

 

Т.Жумабеков.

Ош шаарындагы Маалыматтык Орхус борборунун коомчулук менен иштөө боюнча адиси.

16.06.17

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *