ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык Кеңсесинин Башчысы Майлуу-Суу жана Ош шаарында.

14-15-июнь 2021-жылы ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык Кеңсесинин Башчысы  А.А. Рогов  Майлуу-Суу шаарына иш сапары менен келди. Иш сапарында Элчини ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык Кенсесинин адистери коштоп журду. Иш сапардын негизги максаты Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бул жерде жайгашкан уран калдыктарынын акыбалы, жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү жумуштары менен таанышуу.

Иш сапардын алкагында Майлуу-Суу шаарынын мэри Умаров Н.Э., депутаттардын шаардык Кеңешинин төрагасы Кыргызбаев А.М., вице-мэр Масирова Ч. катышуусу менен жолугушуу өттү. Жолугушууда  Умаров Н.Э. жана Масирова Ч. Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө кенири мааалымат берип өттү.

ЕККУнун  Бишкек шаарындагы Программалык Кеңсесинин Башчысы Рогов А.А. мырза Умаров Н.Э. Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланышы менен куттуктады жана иштеринде ийгилик каалады. ЕККУ менен көп багытта кызматташуу боюнча өз ойлорун белдирди. Уран калдыктары жайгашкан жерлерди рекультивациялоо жана консервациялоо иштерин жүргүзүүдө эл аралык уюмдардын маанилүү ролун белгилеп өттү.

ЕККУнун кызматкери Прудцких Д. Майлуу-Суу шаарында  эл-аралык донорлордун колдоосу менен жүрүп жаткан уран калдыктарын рекультивациялоо иштерине токтолуп өттү. Долбоордун алкагында Ош шаарындагы Орхус Борбору жана Майлуу-Суу шаарында ачылган Коомдук экологиялык маалымат борбору тарабынан жургузулуп жаткан окутуу, маалымат таратуу, түшүндүрүү иштери жөнүндү кенири айтып берди.

ЕККУнун экология жана экономика Департаментинин башчысы айым Накашидзе Е. мэриянын, депутаттардын жана жергиликтүү тургундардын уран калдыктар койгойлорун чечүүдө маанилуу ролун белгилеп өттү. Болуп жаткан рекультивациялоо иштери боюнча маалыматтарды кенири жайылтуу, шаар жөнүндө  жагымдуу коз караштарды (имидж) ондоо боюнча өз ойун билдирди.Майлуу- Суу  шаарында инвестициялык форум өткөрүү жакшы натыйжа береерин белгиледи.Туристик мүмкүнчүлүктөрдү да пайдалануу да сунушталды.

Андан кийин жыйындын катышуучулары №4 Ю.А.Гагарин атындагы инновациялык  мектеп-гимназиясына барып, Майлуу-Суу шаарындагы 7 орто мектептер арасында өткөрүлгөн радиациялык, экологиялык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча өткөрүлгөн сынактын катышуучуларына жана женүүчүлөрүнө белектерди тапшыруу аземине катышышты. Сынактын жыйынтыгында ЕККУнун, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын жана Орхус борборунун баалуу белектери менен төмөнкү мектептер сыйланышты:

1-орун – №4 Ю.А. Гагарин атындагы инновациялык мектеп-гимназиясы – түстүү принтер, мэриянын баалуу белектери, диплому.

2-орун – №2 орто мектеби – ремонт жүргүзүү үчүн атайын боёктор, мэриянын баалуу белектери, диплому.

3-орун – №1 орто мектеби – спорттук топтор, мэриянын баалуу белектери, диплому.

Калган 4 мектептер үчүн – мэриянын баалуу сыйлыктары, дипломдор берилди.

Сынактын катышуучуларына, Жашыл патруль командаларынын мүчөлөрүнө, жетекчилерине  жана мектеп  мүдүрлөрүнө ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык Кеңсесинин Башчысы А.А.Рогов, Майлуу-Суу шаарынын мэри Умаров Н.Э. окууларынды, иштеринде ийгиликтерди каалап өтүштү. Сыйлоо аземинен кийин окуучулар, окутуучулар тарабынан экологиялык абалды жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча  шаардын мэрине суроолор жана сунуштар берилди.

Андан кийинки жолугушуу шаардын маданият үйүндө өттү. Бул жолугушууда атом өндүрүш музейин түзүү боюнча шаардык мэриянын алдында түзүлгөн жумушчу топтун өкүлдөрү катышты. Жумушчу топтун өкүлдөрү катышуучуларды музейдин концепциясы менен тааныштырып, бүгүнкү күнгө чейин музейиди уюштуруу боюнча аткарылган иштер боюнча маалымат беришти. Жолугушуунун катышуучулары атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдү көрүп чыгышты. Жолугушуунун катышуучулары атом өндүрүш музейин уюштурууда көп иш талап кылынарын жана мэрия, шаар тургундары тарабынан жардам керек экендигин белгилеп кетишти.

Жолугушуунун катышуучулары шаардагы  уран калдыктары  жайгашкан объектилерди көрүп чыгышты. 2010-2012 жылдары аткарылган авариялык абалдагы уран калдыктары сакталган жайды башка жака жылдыруу боюнча жургузулгон иштер менен таанышты жана бүгүнкү күндө жүрүп жаткан уран калдыктары сакталган жерлерде изилдөө иштери менен жана жер көчкүлөрү жүрүп жаткан жерлер менен таанышып чыгышты.

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин окулу Майлуу-Суу шаарында аткарылган жана уран калдыктары жайгашкан жерлерди рекультивациялоо боюнча болочокто аткарыла турган жумуштар жөнүндө кенири маалымат берди.

Иш сапар айагында ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык Кеңсесинин өкүлдөру, шаардын мэри менен чогуу Майлуу-Суу электролампа заводунун иши менен таанышып чыгышты.

17-июнь 2021-жылы ЕККУнун Бишкектеги Программалык Кеңсесинин Башчысы А.А. Рогов жана ЕККУ кызматкерлери Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун ишмердүүлүгү менен таанышууга келишти. Орхус маалымат борборунун директору К.Исабаев борбордун ишмердүүлүгү боюнча кенири маалымат берди.

Жолугушуу убагында Орхус маалымат борборунун 2020-2021-жылдары аткарылган “Борбордук Азиядагы уран калдыктары мурасы” жана “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорлорунун алкагында аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат берди. Орхус конвенциясын ишке ашырууда Борбордун негизги өнөктөштөрү Мамэкотехинспекциянын, өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, массалык маалымат каражаттарынын жана жогорку окуу жайларынын маанилүү ролун белгилеп кетти. Борбордун айлана айлана чөйрө  боюнча долбоорлорду,жаратылыш  коргоо багытындагы акцияларды аткарууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуусун белгиледи.Борбордун негизги иштери болуп коомчулукка экологиялык маалыматты жеткирүү, айлана чөйрө суроолору боюнча кабыл алынган чечимдерге коомчулукту катыштыруу жана сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуу принциптерин ишке ашыруу экендигин белгиледи.

ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык Кеңсесинин Башчысы А.А. Рогов Орхус борборунун коомчулукка айлана чөйрө боюнча маалымат таратууда, чечимдерге катышуу укуктарын камсыз кылууда Орхус борборунун маанилүү ордун белгилеп мындан ары иштеринде ийгилик каалады.

ЕККУнун кызматкери Прудцких Д. Орхус маалымат борборунун ачылышын жана үзүрдүү эмгегин баалап көп жылдардан бери Орхус Конвенциясын ишке ашыруу боюнча долбоорлорду аткарып келе жатканын айтып кетти. Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун Бишкек,Чолпон ата,Хорог жана Ходжент шаарларындагы Орхус борборлору менен тыгыз кызматташуусун белгиледи.Орхус Борбору тарабынан ЕККУ колдоосу менен Майлуу суу,Шекафтар жана Мин-куш айылдарында коомдук экологиялык маалымат борборлорунун уюштурулгаганын баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Орхус борборунун 2022 жылга иш планын талкуулашты  жана трансчекаралык долбоорлорду аткарууда региондор аралык кызматташууну жакшыртууну сунушташты.

Ош шаарындагы Орхус Борбору 17.06.2021-ж.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *