Баткен шаарында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) бөлүп чогултуу жана кайра иштетүү боюнча тегерек стол ѳткѳрүлдү.

08-июнь 2023-жылы Баткен шаардык мэриясынын жыйындар залында ЕККУнун “Жашыл экономикага жана айлана чѳйрѳнү башкарууга кѳмѳктѳшүү” долбоорунун  алкагында Орхус Борбору, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы(ЖРЭТКМ БРБ) менен биргеликте тегерек стол ѳткѳрдү.

Бул иш-чарага КР ЖРЭТКМ БРБ, Баткен шаардык мэриясынын, Кара-Булак, Дара айыл өкмөттөрүнүн, Баткен-Тазалык, Кара-Булак тазалык ишканаларынын адистери, «Баткен таза», «Эко-Баткен» кайра иштетүүчүү ишканаларынын башчылары, Максат, Булак-Башы, Кызыл-Дөӊ, Кызыл-Жол, Кара-Булак, Бужум квартал башчылары,  Баткен ТВ, Өрүкзар газетасынын журналисттери болуп болуп жалпысынан 17 киши катышышты.

Бул иш-чараны Баткен шаарынын вице-мэри А. Орозов  ачып Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев  жана  КР ЖРЭТКМ БРБ башчысынын орун басары Д. Бердивке сөз берди.

Алар каттуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү жана башкаруу, бөлүп чогултуу ыкмасын ишке ашыруу, атайын контейнерлерди орнотуу,  «Жаратылышты өнүктүрүү» фонду  боюнча маалымат беришти.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев каттуу тиричилик калдыктарын(КТК) кайра иштетүү боюнча маалымат берип, Кыргызстандагы кайра иштетүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралар жөнүндө даректүү тасма көрсөттү.

Калдыктарды кайра иштетүү боюнча жаӊы иш баштаган Б. Мавлянов ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, мэрия жана КР ЖРЭТКМ Баткен Региональдык Башкармалыгынан ар тараптуу жардам сурады.

Баткен-Тазалык ишканасынын өкүлү А. Хусейинов Бүткүл дүйнөлүк  банкы жана АРИС уюму аркылуу  долбоордун алкагында таштандыларды кайра иштетүүчү кичи ишкана, таштанды таштоочу полигонду рекультивациялоо жана тосуу, атайын техникаларды жуучу жай, бөлүп чогултуучу аянтчаларды куруу иштери башталарын маалымдады.

Кара-Булак тазалык ишканасынын башчысы Ж. Момунов жаӊы ачылган ишканасы боюнча маалымат берип, атайын полигон үчүн жерлерди трасформациялоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле ал атайын техникалар жоктугунан өзүнүн унаасы менен иш жүргүзүп жатканын кабарлады жана лизингке атайын техника сатып алууга тийиштүү жактардан жардам көрсөтүүнү сурады.

Тегерек столдун жүрүшүндө квартал башчылары менен калдыктарды кайра  иштеткен 2 ишкана жетекчилеринин ортосунда тыгыз кызматташуунун керектигин баса белгилешти. Бул аймакта иш жүргүзүп жаткан 2 ишкердин жана Баткен Тазалык ишканасынын ортосунда өз ара келишим түзүү сунушталды.

Катышуучулар Орхус Борбору тарабынан төмөнкүлөрдү суранды:

  1. Областык денгеээлде коомчулуктун арасында КТК бөлүп чогултуу боюнча түшүндүрүү иштерин байма бай жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  2. Областык денгеээлде КТК иштеткен ишкерлердин ортосунда көп тараптуу келишимдерди түзүү максатында тегерек стол уюштуруу;

Иш-чара Баткен шаардык «Өрүкзар» коомдук-саясий гезитинин жана Баткен телевидениесинин жардамы менен тартылып маалымат коомчулукка чагылдырылды.

Тегерек столдун соңунда Орхус Борборунун мүдүрү экологияны жакшыртууда кызыктар тараптар менен тыгыз иш жүргүзүүгѳ даяр экенин билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *