Биотехникалык иш-чара

« 1 of 6 »

2018-жылдын 9-ноябрында Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнүн Оут-Сай айылында биотехникалык иш-чараны өткөрүү боюнча жолугушуу болуп өттү. Ага жергиликтүү жашоочулар, Жалал-Абад Облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунан, “Алаң-Тоо” Коомдук бирикмесинен болуп 20 адам катышты.

Жолугушуу учурунда катышуучулар жапайы жаныбарлар жана Нарын мамлекеттик коругунан көчүрүлүп келинген маралдарга биотехникалык иш-чараны кантип өткөрүү жөнүндө маалыматтарды алышты.

Жолугушууда катышуучуларга ЕККУнун Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен басылып чыккан “Мергенчилик минимуму” колдонмосу таркатылды. “Алаң-Тоо” Коомдук бирикмесинин жетекчиси Н. Тургуналиевке Орхус борбору тарабынан компас, аптечка жана фонарик тапшырылды.

Жолугушуудан кийин 5 адамдан турган топ биотехникалык иш-чараны өткөрүү үчүн Балтыркан участкасына жөнөп кетишти. Иш-чаранын алкагында жана мониторинг учурунда атайын даярдалган жем койчу жайларга туз жана жем коюлду. “Алаң-Тоо” Коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргызстанда маралдарды көчүрүү” долбоорунун алкагында алынган 2 камера тузак орнотулду. Көчүрүлгөн маралдарга мониторинг жүргүзүлдү. Иш-чара мезгилинде катышуучулар 8 даана тоо эчки-текелерин жана 2 даана маралдарды көрүштү.

 

Борбордун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси:

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *