Колдонмону талкуулоо

2020-жылдын 20-21-ноябрында Майлуу-Суу шаарында жана Шекафтар айылында Кошумча экологиялык билим берүү боюнча мугалимдер үчүн колдонмону талкуулоолор болуп өттү. Талкуулоого мектептерде уюштурулган “Жашыл патрульдар” командаларынын жетекчилери-ыктыярчылар катышышты.

Колдонмонун автору-түзүүчүсү, б.и.к., доцент Садыкова Ч. М. Сабактын түрлөрү, Интерактивдик усулдар, Дебаттар, Коомдук угуулар жөнүндө катышуучуларга түшүндүрмө берип, китептин 6 бөлүмү боюнча кыскача айтып берди. Андан кийин талкуулоолор, суроо-жооптор жана сунуштар болду. Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан кошумча сабактардын катарына география предметин да киргизүү сунушталды. Негизинен колдонмо бардык катышуучуларды канааттандырды.

Соңунда №4-Инновациялык мектеп-гимназиясынын мүдүрү Дубинина Е. Б. мектепте “Жашыл патрульдар” командаларын түзгөнгө жана алардын катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чараларга көмөктөшкөндүгү үчүн Орхус борборуна ыраазычылык билдирди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *