Мектеп окуучуларынын арасында өткөн сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо

Орхус Борборлору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен октябрь айында республиканын 4 облусунда (Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында) мектеп окуучулары арасында сынак уюштурган. Сынакка 3 миңден ашык ар кандай класстагы балдар катышты. Алар үчүн 3 номинация боюнча – 1-4-класстын окуучулары үчүн “Жаратылыш тууралуу мыкты сүрөт”, 5-8-класстын окуучулары үчүн “Калдыктан жасалган мыкты жасалма” жана   9-11 ” класстардын окуучулары үчүн “Экология маселелери боюнча эң мыкты эссе» – катышуу сунушталды.

Бул иш-чаралардын максаты мектеп окуучуларын жаратылышка аяр мамиле жасоо, ага жоопкерчилик, айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана жагымдуу жашоого бардык шарттарды түзүү болду.

Талас

 

Чуй (Москва району)

Нарын

 

Ысык-Көл (Түп району)

Бардык эмгектер ата-энелер комитеттери, мектеп мугалимдери жана калыстар тобу тарабынан жылуу кабыл алынып жана бааланды. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Сынакта орун албаган окуучулардын эмгектери да көңүл сыртында калган жок. Алар үчүн Орхус борборунун партнерлор Кыргызстандын глобалдык суу өнөктөштүгү жана Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы  атынан кошумча белектерди тапшырышты.

Чуй (Москва району)

 

Ысык-Көл (Түп району)

 

Талас

 

Нарын

Орхус Борборлору мектеп китепканаларын унуткан жок. Ар бир мектепке ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан «Раритет» дүкөнүнөн сатып алынган ар кандай көркөм адабияттар жана мектеп адабияттары берилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *