Ош шаарындагы Орхус Борборуна караштуу Консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү

22 – март 2022-жылы Ош шаарындагы Орхус Борбору Консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен он-лайн форматта жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын башчылары Умаров Б., Томаев С.,  жана Ош регионалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Казаков Н., экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча       көз карандысыз эксперт Соронкулов Г., Ош мамлекеттик университетинин Табигый-география факультетинин кафедра башчысы, доценти, биология илимдеринин кандидаты Абдыкааров А., “Т-Media” телекомпаниясынын ѳкүлү Каракозуев А. жана Орхус Борборунун адистери катышышты.

Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К. “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү”  долбоорунун алкагында 2021-жылы аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат берип, 2022-жылы аткарылуучу иш пландар боюнча маалымат жеткирди. Катышуучулар  2022-жылдын иш пландарын талкуулашып ишке ашырууга көмөктөшүшөөрүн  жана кызматташууга даяр экендигин  билдиришти.

Соңунда Консультативдик кеңештин мүчөлөрү 2023-жылкы иш планга төмөнкү иш-чарларды киргизүүнү сунуш кылышты:

  1. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында экологиялык роликтерди тартуу;
  2. Баткен облусундагы саркынды сууларды тазалоочу жайларга мониторинг жүргүзүү;
  3. КР ЖР ЭТКМ Баткен, Ош жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыктарынын инспекторлору үчүн окутуутуларды ѳткѳрүү;
  4. КР ЖР ЭТКМ Жалал-Абад, Баткен облустарынын регионалдык башкармалагына маалыматтык окуу борборлорун түзүүгө көмөк көрсөтүү.
  5. Чаткал районунун РМА жана айыл өкмөттөрүнүн адистери менен биргеликте кен казып алуучу компанияларыны катоодон өткөрүп мониторинг жүргүзүү;
  6. Коомчулук арасында экологиялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү. ЖМК менен тыгыз иш алып баруу.

Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев Консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө иш-чараларды уюштурууга активдүү катышышкандыгына, Орхус конвенциясын ишке ашырууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Зайырбеков А

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *