Таласта эколекциялардын сериясы аяктады

Бишкектеги Орхус борбору 4 жылдан бери Талас обласунун мектептерде экологиялык темада тарбиялык лекцияларды өткөрүп келет. Быйылкы жылы мындай лекциялар Манас районундагы 22 мектепте өтүп, ага 2474 мектеп окуучусу катышты.

Экологиялык билим берүү окуучуларды экологиялык билимге жана аң-сезимге тарбиялоо процессин координациялайт, экологиялык дүйнө таанымдын жана экологиялык маданияттын калыптанышына өбөлгө түзөт.

Лекциялардын жүрүшүндө мектеп окуучулары экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоого кызыгуу жана активдүү катышышты.

Бул тренинг Талас облусу үчүн жыйынтыктоочу болуп саналат. 4 жыл бою Бишкек шаарындагы Орхус борбору Талас облусунда бардык мектептерде эколекцияларды өткөрүп, мектеп окуучуларына алардын иш-аракеттери, экологдордун айлана-чөйрөнү сактоо боюнча иш-аракеттери тууралуу түшүнүк берди. балдарды аяр, сылык мамиле жасоого тарбиялоого аракет кылышкан.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *