Өзгѳчѳ кырдаалдар министирлигинин(ѲКМ) кызматкерлери үчүн “Тургундарга маалымат жеткирүү жана катыштыруу ыкмалары” ведомстволук документтин долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол ѳткѳрүлдү.

 

 

 

 

 

2021-жылдын 12-августунда Европадагы Коосуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын  жана Чаткал районун Шекафтар айылынын, Нарын облусунун Жумгал районун Миң-Куш айылынын тургундарына, Жашыл Патрулдар командасынын ыктыярчы-мугалимдерине, жергиликтүү бийликтин ѳкүлдѳрүнѳ, жергиликтүү депуттарга тегерек стол ѳткѳрүлдү.Тегерек столго Орхус Борборунун жана Коомдук экологиялык маалымат борборунун адистери, КР ѲКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун адистери катышышты . Бул иш-чарага Майлуу-Суу шаарынан 15 киши, Шекафтар айылынан 18 киши, Миң-Куш айылынан 12 киши катышышты. Жалпысынан 53 киши катышты.

Он-лайн тегерек столду КР ѲКМнин алдындагы калдыктар менен иштѳѳ агенттигинин директорунун орун басары А. Сейтказиева ачып тѳмѳндѳгүлѳрѳгѳ сѳз берди.

ЕККУнун эл аралык эксперти Т. Юнусов иш-чаранын максаты менен тааныштырып, «Кыргыз Республикасынын уран калдыктарыны калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү боюнча коомчулукту маалымат менен камсыз кылуу, чечим кабыл алуу процесстерине катыштыруу » жана « ӨКМ кызматкерлери үчүн ведомстволук документтин долбоорун талкуулоо боюнча тургундарга маалымат жеткирүү жана катыштыруу ыкмалары» боюнча айтып ѳттү.

ЕККУнун улуттук эксперти Р. Бейшенкулова радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тургундардын билим деңгээлин жогорулатуу максатындагы ѳткѳрүлгѳн иш -чаралардын жыйынтыгы боюнча жана уран калдыктарын калыбына келтирүүдѳ  радиациялык коопсуздук менен байланышкан маселелердеги ченемдик-укукту жөнгө салуу боюнча маалымат берди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев « Орто Азиядагы уран калдыктарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды катыштыруу» долбоорунун алкагындагы Орхус Борборунун жана Коомдук экологиялык маалымат борборлорунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Он-лайн тегерек столдун жүрүшүндѳ катышуучулар тарабынан сунуштар берилди. Катышуучулар тарабынан берилген сунуштарды эксперттер аталган документтерди даярдоодо эске алаарын билдиришти.

Орхус Борборунун адиси Зайырбеков А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *