Ысык-Көл Орхус борбору “Жашыл Мурас” улуттук программасын ишке ашырат

7-апрель 2023-жылы Ысык-Көлдөгү Орхус борбору 2023-жылга бекитилген иш-чаралардын жана Улуттук «Жашыл мурас» кампаниясынын алкагында, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата олуя» күмбөзүнүн аймагына көчөттөрдү отургузуу боюнча акция өткөрдү.

Акцияга Чолпон-Ата шаардык мэриясынын, «Тазалык» , «Зеленстрой», «Чолпон-Ата-Суу» канал муниципалдык ишканаларынын жана Чолпон-Ата шаарынын тургундары, жалпы 93 адам катышты. Акциянын башталышында Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри А.Турдубеков ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесине, Ысык-Көлдөгү Орхус борборуна алынып берилген көчөттөр үчүн ыраазычылык билдирип, катышуучуларды акцияга активдүү катышууга, отургузулган көчөттөрдү убагында сугарып, аяр мамиле кылууга чакырды.

Акциянын жыйынтыгы менен Тян-Шань карагайынын 15, кайындын 65 түп көчөттөрү отургузулду. Мындан сырткары Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүндөгү таштандылар дагы тазаланды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *