Жаштарга экологиялык билим берүү

2024-жылдын 8-октябрында Бишкектеги Орхус Борбору Баласагын атынтагы Кыргыз Улуттук университетинин студенттери үчүн семинар өткөрдү. “Жаштар арасында экологиялык билим берүү Орхус Конвенциясынын алкагындагы маанилүү багыттардын бири” деген темада. Семинар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана КУУнун «География, экология жана туризм» факультетинин жетекчилигинин көмөгү менен өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын коногу КР ОАРЭБ директору Матраимов К. болуп, ал ОАРЭБ аймактагы ишмердүүлүгү боюнча презентация жасады. Ага көптөгөн суроолор берилип, кызматташуу боюнча сунуштар айтылды.

Орхус Борборунун өзү анын директору тарабынан Кыргызстанда жаштар менен иштөө боюнча Орхус Борборлорунун тармагынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтык презентацияны тартуулады. Сунушталган презентация иштерин талкуулоого факультеттин студенттери да, профессордук-окутуучулар курамы да катышты.

Жыйындын соңунда катышуучулар иш-чараны өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы университетке экологиялык көйгөйлөр жана экологиялык билим берүү маселелери боюнча илимий-практикалык конференция өткөрүүнү сунушташты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *