Казарман айылында тегерек стол болуп өттү

2018-жылдын 14-августунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык жардамы менен “Тогуз-Торо районундагы жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу көйгөйлөрү” деген темада тегерек стол болуп өттү. Ага Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси – Борукулов О. К., Жалал-Абад мергенчилер жана балыкчылар коомунун мергенчи адиси – Темирбаев О. Ы., Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы – Борболдоев И. А., Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары–Тотуев Ж., Тогуз-Торо токой чарбасынын Көк-Ирим токой бөлүмүнүн башчысы–Нурманбетов М. О., Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркынын Директору–Молдобеков У. М., Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын Директору–Маметкулов Ч., Тогуз-Торо мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы–Шевцов С. Н., “Абдалы” Коомдук бирикмесинин кызматкери-Абытбаев Б., “Орчун” жетекчиси-Чатаев А. Н., “Жамаат Алаң-Тоо” Коомдук бирикмесинин жетекчиси-Соронкулов Г. У.,  жана жогоруда аталган уюмдардын кызматкерлери катышышты.

Тегерек столдон 1 күн алдын, 2018-жылдын 13-августунда Орхус Борборунун директору Исабаев К. И., Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Борукулов О. К. жана Жалал-Абад мергенчилер жана балыкчылар коомунун мергенчи адиси Темирбаев О. Ы. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Кожошов А. К. менен жолугушту.

Жолугушууда катышуучулар Тогуз-Торо районундагы жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу көйгөйлөрүн талкуулашты. Талкуу мезгилинде райондун акими төмөндөгү курчап турган чөйрө көйгөйлөрүн белгиледи:

  1. Курчап турган чөйрө жана экология боюнча боюнча адистердин жетишсиздиги;
  2. Улуттук жаратылыш парктарындагы, токой чарбаларындагы, мергенчилер жана балыкчылар коомдорундагы материалдык-техникалык базанын керектүү нерселер менен аз камсыз болушу;
  3. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин борбордук аппараты жана Жалал-Абад аймактык башкармалык тарабынан токой чарбаларга жана жаратылыш парктарына текшерүүнүн жоктугу;
  4. Жайытты пайдалануу көйгөйлөрү;
  5. Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин жана Мергенчилер жана балыкчылар коомунун Тогуз-Торо районундагы өкүлдөрүнүн аткарган иштеринин канааттандырарлык эместиги.

Жогорудагы көйгөйлөрдү атоо менен райондун акими акыркы жылдары токой чарбалардын, жаратылыш парктарынын жана экотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз токой кыюулар катталбагандыгын айтып кетти. Бул жергиликтүү жашоочулардагы жоопкерчиликтин жогорулагандыгы болуп эсептелет.

Тегерек столду Орхус Борборунун директору Исабаев К. И. Ачып, катышуучуларды тегерек столдун максаты, программасы, Жалал-Абад аймактык башкармалыктын, Жалал-Абад Мергенчилер жана балыкчылар коомунун кызматкерлери, “Орчун” жамаатынын, “Жамаат Алаң-Тоо” Коомдук бирикмесинин жетекчилери менен тааныштырып,  Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун Кыргызстанда Орхус Конвенциясын ишке ашыруудагы ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Орхус борборунун Директору курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык долбоорлор жөнүндө токтолуп өттү. Долбоордун алкагында жапайы жаныбарлардын санын тактоо, мыйзам бузуучуларды аныктоо максатында камера тузактар орнотулган. Кыргыз Республикасы катышкан “Борбордук Азиядагы аялуу тоолуу экосистемалары” деген Швейцария долбоору жөнүндө да айтып кетти.

Тегерек столдо аткарган иштери  боюнча төмөнкүлөр презентация жасашты:

“Орчун” жамаатынын жетекчиси Чатаев А. Н. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы 110 га бузулган жерди жашылдандыруу боюнча жамааттын ишмердүүлүгүн презентация жасады. Деңиз деңгээлинен 1300-1800 метр бийиктикте жайгашкан Кыр-Жол, Чоң Бел Башат, Чонот жана Кош-Тектир участокторунан турган 110 га жер айыл өкмөтүнөн арендага алынып, ал жерлерге жаңгактын, бадамдын жана кара өрүктүн көчөттөрү жамааттын мүчөлөрү тарабынан отургузулган.  110 га аянттын 30 гектары тикенектүү зымдар менен королонгон. Долбоордун максаты бузулган жерди калыбына келтирүү менен бул аймакта көчкү коркунучун алдын алуу болуп эсептелет.  Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жаратылышты коргоо фонду тарабынан 2018-жылы бул долбоорду колдоо үчүн 45000 сом бөлүнгөн.

“Жамаат Алаң-Тоо” Коомдук бирикмесинин жетекчиси Соронкулов Г. У. “Маралдарды Батыш Тянь-Шанга көчүрүү” долбоорун презентация жасады. Долбоордун алкагында Нарын мамлекеттик коругунан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Балтыркан токой заказнигине 9 баш марал көчүрүлгөн. Көчүрүү атайын жабдылган унаада Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана ветеринардык кызматынын адистеринин коштоосу аркылуу ишке ашырылды.

Азыркы мезгилде Авлетим токой чарбасындагы 9 марал жаңы жерге жакшы көнүшүп баратат. Алар агенттиктин кызматкерлеринин такай көзөмөлүндө турат. Келечекте маралдарды коргоо боюнча жумуштар агенттиктин, коомдук уюмдардын жана Аксы районунун жергиликтүү жашоочулары менен биргеликте ишке ашырылат. “Балтыркан” токой заказниги Сары-Челек биосфералык коругу менен чектешет. Деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашып, калың токойдон турат. Жалпы аянты 504 гектардан туруп, маралдардын жашоосуна өтө ыңгайлуу. Долбоор “Жамаат Алаң-Тоо” Коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, Кристенсена Фонду (TCF) жана  Кремниевой Долины (SVCF) фондунун алдындагы илбирсти коргоо боюнча Леонардо Ди Каприо (LDF) фондунун, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин  каржылык колдоосу менен ишке ашырылган. Мындан сырткары Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Күмүштак капчыгайындагы “Чегете-Тоо” Коомдук бирикмеси тарбынан аткарылган жумуштар жөнүндө да айтып берди. “Пантера-Кыргызстан” фондунун жана Кыргыз Републикасынын илимдер академиясынын Топурактын биологиясы инПри поддержке фонда “Пантера-Кыргызстан” и Биология жана топурак институтунун жардамы “Чегетей” Коомдук бирикмеси тарабынан 4 даана камера тузагы жана айып өлчөмдөрү жазылган 2 даана банер орнотулган. Азыркы мезгилде коомдук бирикменин мүчөлөрү курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча биргеликте иш алып баруу боюнча тоо-кен компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Төмөндөгүлөр чыгып сүйлөштү:

Темирбаев О. Ы.-Мергенчилер жана балыкчылар коомунун мергенчи адиси:

Урматтуу катышуучулар!

Быйыл мергенчилик кылуу аянттары кайрадан лот боюнча бөлүштүрүлөт. Конкурс боюнча Тогуз-Торо районунун аймагы 1 лот болуп өтөт. Жолдун татаалдыгынан жана алыстыгынан коом тарабынан бул райондо жакшы иш жасалган жок. Курчап турган чөйрөнү сактап, келечектеги муундарга өткөрүп берүү үчүн мен коомго биригишиңиздерди суранат элем. Андан кийин ал мергенчилик эрежелери, мергенчи күбөлүгүн, лицензия, уруксат кагаздарын алуу жолдорун айтып, мергенчилик сезонунун ачылышын жарыя кылды. Андан жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин бул райондо жоктугун жана коомдун бул райондогу кызматкеринин ишинин жакшы эместигин белгилеп кетти. Ал дагы жакында Бишкекте коомдун президиуму чакырылып, анда 10 жылга жаныбарлардын кээ бир түрлөрүн пайдаланууга (марка поло, теке, элик, каман, улар ) 10 жылга чектөө коюу боюнча сунуш киргизишкен. Президиумдун бардык катышуучулары бул сунушту колодошту.

Сөзүнүн акырында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесине, Орхус Борборуне тренингдерди, жолугушууларды жана тегерек столдорду уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жаратылыш ресурстарын коргоодогу жана пайдалануудагы көйгөйлөрдү чечүүдө тегерек столдун бардык катышуучуларын кызматташууга чакырды. Анын айтуусунда мындай иш чаралар мергенчилер жана балыкчылар коомунун пландаштырган жумуштарын аткарууга чоң жардам берет.

Борукулов О. К.-Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

Жетектөөчү адис Орху Борборуна тегерек столду уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Жалал-Абад облусунун токой чарбаларынын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлеринин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө “Орчун” жамаатынын иш тажрыйбасын көрсөтүү максатында сапарын уюштуруп берүү жагын Орхус борборунан суранды. Токой чарба кызматкерлеринен питомниктерди уюштуруп, райондун ишканаларына көчөттөрдү таркатып туруусун сунуш кылды. Алардын курчап турган чөйрө боюнча райондун мектептеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруусун өтүндү.

Молдобеков У. М.-Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркынын директору:

Ал курчап турган чөйрөнү коргоо мекемелериндеги штаттын жетишпегендиги жана аладын керектүү нерселер менен камсыз болбогондугу жана райндо жаратылыш ресурстарын корго жана пайдалануу департаментинин өкүлүнүн жоктугу райондун аймагындагы мыйзамсыз аң улоого алып келип аткандыгын айтып, 10 жылга сунушталган мараторияны колдой тургандыгын белгиледи. Жана райондо тренингдерди өтүп, жашоочуларды курчап турган чөйрө жаатындагы укуктук ченемдик актылар менен камсыздоого көмөктөшүүсүн Орхус Борборунан суранды.

Борболдоев И. А.- Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы:

Жооптуу катчы токой чарба жетекчилеринен айыл өкмөтүнүн аймагын жашылдандыруу үчүн кооз көчөттөр менен камсыз кылууларын өтүнүп, карышкыр көбөйүп кеткендигине байланыштуу алардын санын тескөөгө жардам берүүсүн Жалал-Абад мергенчиер жана балыкчылар коомунан суранды.

Абытбаев Б.–“Абдалы” Коомдук бирикмесинин өкүлү:

Бирикменин өкүлү курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдары боюнча жергиликтүү жашоочуларда маалыматтын жоктугуна байланыштуу райондун ар бир айыл өкмөтүндө тренингдерди уюштуруу керек экендигин белгиледи. Анан Атай айыл өкмөтүнүн Атай айылында бирикме балык чарбасын уютургандын да айтты жана 12000 урукту алууга Жалал-Абад мергенчилер жана балыкчылар коому жардам бергендигин кошумчалады.

Маметкулов Ч.–Саймалуу-Таш Мамлекеттик жаратылыш паркынын директору:

Директордун оюу боюнча райондун аймагында жапайы жаныбарларга көпчүлүк учурда мыйзамсыз аң улоо жүргүзүлөт. Бул мергенчилердин өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин билбегендиги. Мен Орхус борборунан бул жаатта тренингдерди уюштуруп берүүсүн суранам. Тренингден кийин  мергенчилер коому эмне экендигин, эмне максат менен түзүлгөндүгүн билишет деген ойдомун.

Нурманбетов М. О.-Тогуз-Торо токой чарбасынын Көк-Ирим токой бөлүмүнүн жетекчиси:

Мен райондун деңгээлинде ар жылы 5 гектарга чейин жерге көчөттөрдү отургузуу стратегиясын ишеп чыгууну сунуштайм. Эгер ушундай ыкманы колдонсок, райондогу токой чарбаларынын токой фонду көбөйөт. Бул жумушка токой зыянкечтерин жок кылуу үчүн, токой коргоо станциясын да тартуу керек. Мисал үчүн, биз Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Додомол, Кош-Булак жана Бирдик айылдарында жергиликтүү жашоочулар менен бирген 2 гектар жерге көчөт отургуздук.

О. Ы. Темирбаевке суроо: Тогуз-Торо районунда биотехникалык иш чараларды жүргүзүүгө канча каражат бөлүнгөн?

Жооп: Жалал-Абад мергенчилер жана балыкчылар коомунда Тогуз-Торо районунан 25 гана мүчө бар. Райондук коомдон отчет даярдалбайт. Ушул себептен акча бөлүнбөйт.

М. О. Нурманбетовдун пикири: Мүчөлөрдүн санына карабай сиздер районду иш алып барышыңыздар керек.

Султанов Р.–Тогуз-Торо токой чарбасынын башкы токойчусу:

Райондун токой аянтын көбөйтүү үчүн токой чарбалардын аймагында жаңгактын, мистенин, бадамдын суукка чыдамдуу түрлөрүн жана крым карагайын өндүрүү керек. Бул үчүн илимий институттар, мектептер жана ишкердик чөйрө менен иш алып баруу керек.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар төмөндөгү көйгөйлөрдү белгилешти:

– Тогуз-Торо районунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча адистердин жетишсиздиги;

– Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин жана Мергенчилер жана балыкчылар коомунун материалдык-техникалык базаларынын жетишсиздиги;

– Адамдардын жаратылышка аяр мамиле жасабагандыгынан жана мергенчилик аянттарынын туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүнүн кесепетинен жапайы жаныбарлардын азайып кетиши;

– Жергиликтүү жашоочулардагы курчап турган чөйрө боюнча укуктук ченемдик актылар боюнча маалыматтын жоктугу;

– Мамлекеттик мергенчилик ырастаманы алуудагы кыйынчылык;

Жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн катышуучулар биргеликте араекттенүүгө макул болушуп, Орхус Борбору, Эл аралык уюмдар, ишкердик чөйрө жана мамлекеттик  структуралар менен кызматташууну чечишти. Жаратылыш ресурстарын коргоого жана пайдаланууга байланышкан тренингдерди, тегерек столдорду жана жолугушууларды өткөрүү боюнча биргеликтеги иш планды Райондук мамлекеттик администрациясы, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги,   Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти, райондун токой чарбалары жана улуттук жаратылыш парктары менен биргеликте иштеп чыгуу. Жамааттардын жаныбарларды жана токойлорду коргоо боюнча алдыңкы тажрыйбаларын токой чарбаларга жана айыл өкмөттөргө жайылтуу.

Тегерек столдун аягында Орхус борборунун директору Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын, Жалал-Абад мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрүнө кызматташкандыгы үчүн жана жалпы катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча кызматташууга Орхус борбору даяр жана укуктук ченемдик актылар менен кызыктар тараптарды камсыздай ала тургандыгын билдирди жана кызматташууга чакырды.

Тегерек стол ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан “Кыргызстанда экологиялык коосуздукка жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Жалал-Абад аймактык Башкармалыгы жана Жалал-Абад Мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте өткөрүлдү.

 

Орхус маалымат борборунун коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Т. Жумабеков

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *