Аймактардын тургундарына кеңеш

Бишкектеги Орхус Борбору өз ишмердүүлүгүнүн алкагында Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын тургундарына экологиялык маселелер боюнча консультация берүү боюнча иш-планга ылайык иш-чараларды өткөрө баштады. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Бишкектеги Орхус Борборунун эксперттери катышуучуларга айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылар, республиканын жаранынын экологиялык укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат беришет.

Айта кетсек, 3-август күнү Нарын районунун Жаңы-Балак айыл өкмөтүнө караштуу Достук жана Жаңы Булак айылдарынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Аталган айылдарды кыдыруу учурунда эксперт 41 айыл тургундарына кеңеш берип, кызыктырган суроолорго жооп берип, көйгөйлүү маселелер боюнча керектүү маалыматтарды берди.

Ошондой эле, Достук айылынын бир нече жашоочулары менен кененирээк баарлашуу үчүн Орхус борборунун экспертине айылдагы талаштуу маселелер болгон жерге баруу сунушталды.

Эртеси күңү Ысык-Көл районунун, Кумбел айыл өкмөтүнө караштуу Корумду айылынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Бул жерде айылдын 21 тургунуна кеңеш берилди. Жолугушуулардын жеке катышуучулары тарабынан көптөгөн көйгөйлүү суроолор болуп, аларга эксперт толук жооп берди.

Орхус Борбору ошондой эле Талас жана Чүй облустарына барып, жергиликтүү тургундардын экологиялык маселелери боюнча кеңешүүнү жана экологиялык кызыктырган темалар боюнча маалымат алууну пландаштырууда.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *