Суу маселелери боюнча Турукту өнүгүү максаттары (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча талкуу

2021-жылдын 17-июнда Бишкектеги Орхус Борбору Глобалдык суу өнөктөштүгү (GWP) менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Плаза” мейманканасынын конференц-залында “ТӨМ пункттарын ишке ашыруу боюнча кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу ” тегерек столду өткөрүштү. Тегерек столдун негизги максаты – Кыргызстандагы суу ресурстарын пайдаланууну талкуулоо. Тегерек столго АСЧжАӨМинин алдындагы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин, ӨКМ инин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин кызматкерлери, Чүй-Талас суу комиссиясынын катчылыгынын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү,  МСЧАинин Суу чарба пайдалануучулар ассоциациясынын, бейөкмөт уюмдардын, ЖОЖ жана жарандык коомдун өкүлдөрү.

Тегерек столдун башында Орхус Борборунун жетекчиси куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, Кыргызстандагы Орхус Борборлор тармагынын иши жөнүндө кыскача маалымат берди.

Негизги баяндамачылар ушул тегерек столдо Глобалдык суу өнөктөштүгүнүн Кыргызстан боюнча координатору Мусабаева К.А. жана  Чүй-Талас суу комиссиясынын катчылыгынын кыргыз бөлүмүнүн башчысы Сатымкулова Г.С. болду.

К.А. Мусабаева айым тегерек столдун катышуучуларына БУУнун “Суунун баалуулугу” отчету боюнча биздин планетанын суу ресурстарына арналган презентациясын маалымат кылды. Бул отчет БУУнун Коопсуздук Кеңешинин консультативдик тобунун кезектеги отурумунда сунуш кылынган жана өлкөлөрдүн бардык кызыкдар жактары тарабынан изилдөөгө чыгарылган.

Г.С. Сатымкулова айым “6.5.1 жана 6.5.2 ТӨМ пландарын ишке ашыруу” деген темада презентация жасады. Бул презентацияда ал ЧТСК катчылыгы тарабынан ТӨМдын жогоруда айтылган пункттарын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө кеңири маалымат берди. Бул отчет өткөн 2020-жылы кабыл алынып, Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар тарабынан жактырылган.

Презентациялардан кийин тегерек столдун катышуучулары сунушталган маалыматтык материалдарды талкуулап, көптөгөн суроолорду жана каалоолорун беришти. Иш-чаранын аягында катышуучулар эскерүү үчүн сүрөткө түшүштү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *