Араван районундагы жолугушуу

2018-жылдын 13-ноябрында Ош облусунун Араван Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Орхус маалымат борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу Араван районунун аймагында инерттик материалдарды пайдалануу жана турмуш-тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жерлерди мыйзамдаштыруу маселеси боюнча талкуу болуп өттү. Ага Райондук мамлекеттик админиситрациясынын башчысынын орун басары, Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Араван-Тазалык» муниципиалдык ишканасынын, Орууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө ишканасынын, Суу чарбасынын, Архитектурнын, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын (ОТУ ГАООС и ЛХ), Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциясынын (ГИЭТБ) Араван-Ноокат райондор аралык башкармалыгынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрүнүн жер адистери жана Орхус борборунун кызматкерлери болуп 28 адам катышты.

Каттоодон кийин катышуучуларга райондун аймагындагы турмуш-тиричилик калдыктарынын абалы, инерттик материалдарды пайдалануу боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан даядалган аныктамаларды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында турмуш-тиричилик калдыктарын башкаруунун системасын жакшыртуу” жөнүндө №415-Токтому таркатылды.

Акимдин орун басары Т. А. Сатыбалдиев райондун экологиялык абалына тычсыздана тургандыгын билдирип, учурдагы таштанды жыйналуучу жерлердин абалы, таштандыларды жыйноо жана бул тармактагы көйгөйлөр жөнүндө айтып берди. Бул таштанды жыйноого багытталган жерлерди бир категориядан башка категорияга өткөрүү маселеси өтө курч тургандыгын билдирди.

Орхус борборунун директору К. И. Исабаев борбордун ишмердүүлүгү жана райондун А. Анаров айыл өкмөтүнүн Шор-Булак участкасында жайгашкан жана иштеп жаткан акиташ өндүрүүчү жайлардын экологиялык абалына токтолду. Ошону менен бирге, турмуш-тиричилик калдыктары, курчап турган чөйрөнү коргоо жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча укуктук ченемдик актылар менен бардык кызыктар тараптарды камсыз кылууда  жардам бере тургандыгын айтып жана жолугушууларды, тренингдерди, тегерек столдорду жана коомдук угууларды өткөрүүдө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкерлери турмуш-тиричилик калдыктары, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актылар боюнча катышуучуларга маалымат беришти.

Т. А. Сатыбалдиев борбордун директорунан айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине курчап турган чөйрөнү коргоодогу укуктук ченемдик актылар боюнча тренинг уюштуруп берүүсүн жана  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы жана Адилет министирлиги менен биргеликте жерлерди бир категориядан экинчи категорияга өткөрүүнүн жолдорун көрсөткөн усулдук колдонмону иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кароосун суранды.

Катышуучулар жолугушууда өздөрүн тынчсыздандырган суроолорго борбордун директорунан жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн жоопторду алышты.

Жыйындын аягында тараптар тарабынан турмуш тиричилик калдыктары, кен байлыктарды пайдалануу жана экологиялык коопсуздук маселерин талкуулоо боюнча атайын эксперттердин катышуусу менен бат бат жолугушуп туруу макулдашылды.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Т. Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *