Балыкчы шаарында Ысык-Көл Орхус Борбору тегерек столду өткөрдү

14-апрель 2022-жылы Балыкчы шаарында, Балыкчы шаардык мэриясынын жыйындар залында, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруудагы коомчулуктун ролу. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик органдар менен коомчулуктун өкүлдөрүнүн биргелешкен аракеттери»-деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган тегерек стол  «Экологиялык билим күнүн» утурлай жана Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашырууда Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан аткарылган иш-аракеттер тууралуу коомчулукка маалыматтарды берүү, коомчулуктун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Балыкчы шаарынын экологиялык көйгөйлөрүн талкуулап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен иштерди алып баруу максатында уюштурулду.

Тегерек столго Балыкчы шаарынын биринчи-вице-мэри А.Асаналиев, Ысык-Көл биосфералык аймагынын Дирекциясынын директору К.Мамбеталиев, орун басары К.Сүйүндүков, Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык МИ жетекчиси М.Таржиев, КР ЖРЭТК министрлигинин алдындагы Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын инспекторлору Т.Орозов, Н.Иманбердиев, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын командиринин орун басары, милициянын подполковниги Н.Алымбаев, Балыкчы шаардык кенешинин депутаттары, аялдар кенешинин, ардагерлер кенешинин өкүлдөрү, Балыкчы шаарынын жаштары жалпы 32 адам катышты.

Тегерек столду Балыкчы шаарынын биринчи-вице-мэри А.Асаналиев ачып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип,  катышуучуларды тегерек столдун ишине активдүү катышууга чакырды.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов Орхус конвенциясы, принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2020-2021-жылдардагы аткарган иш-аракеттери, негизги багыттары тууралуу кенири маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык МИ жетекчиси М.Таржиев- Балыкчы шаарынын таштанды таштоочу жайынын аянты 15 га, баардык документтери алынып мыйзамдаштырылган. Полигон 1970-жылдары ачылып , ушул күнгө чейин иштеп келе жатат. Балыкчы шаарында ар бир кишиден бир күндө болжол менен 0.4-0.5 кг таштанды чыгат, таштандылар өз убагында ташылып кетет.

Кумтөр компаниясынын финансылык жардамы менен Балыкчы шаарынын полигонунда таштанды иргөөчү комплексти орнотуп алганбыз. Пандемия учурунда толук кандуу иштеген эмес, 2021-жылдын январь айынан баштап иштеп баштады. Балыкчы шаарында мыйзамсыз таштанды таштоочу жайлар бар, жашоочулар акы төлөгөндөн качышып, ушундай жерлерге таштанды таштаган учурлар бар. Биздин кызматкерлер мындай жарандар менен иштерди алып барып, шаарыбыздын тазалыгы үчүн аракеттерди кыла беребиз.

КР ЖРЭТК министрлигинин алдындагы Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын инспектору Т.Орозов- башкармалык тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын Дирекциясынын директору К.Мамбеталиев-баардык катышуучуларга ыраазычылык билдирем. Ысык-Көл облусунда 61айыл өкмөтү, 3 шаарда 94 таштанды таштоочу жайлар бар. Кээ бир айыл өкмөттөрүнүн аймактарында 2 ден таштанды таштоочу жайлар жайгашкан. Көпчүлүк таштанды таштоочу жайлар мыйзамдыштырылган эмес. 2-3 айыл өкмөттөрүнө бирден таштанды жайларды уюштуруп, Балыкчы шаарынын полигонунда иргөө жумуштарын жасоого убакыт келди. Курчап турган чөйрөнүн булганышы, биотүрдүүлүктүн азайышы глобалдык экологиялык көйгөйлөрдүн алдынкы сабында тургандары.

«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын Дирекциясынын бөлүм башчысы А.Кененбаева Дирекциянын ишмердүүлүгү тууралуу малыматтарды берип, 15-апрель «Экологиялык билим күнүнө» карата презентация жасады.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын командиринин орун басары, милициянын подполковниги Н.Алымбаев-катышуучуларга Ысык-Көл облусунда туристтик-экологиялык милициясы уюштурулуп, облустун аймагында экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, укук бузуулар боюнча салынуучу айып пулдардын суммалары тууралуу маалыматтарды берди.

«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын Дирекциясынын директорунун орун басары К.Сүйүндүков- “Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” КР мыйзамы кабыл алынганына карабастан КР аймагына синтетикалык балык уулоочу торлор дагы деле алынып келинип жаткандыгын, бул багытта көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Катышуучулар тарабынан Балыкчы шаарындагы нефтебазанын аймагындагы экологиялык көйгөйлөр, браконьерлик, Балыкчы шаарынын кире беришиндеги экологиялык посттун ишин жандандыруу, пляждарды тазалоо, Балыкчы шаарынын орто мектептеринин ортосунда жаштарды тарбиялоо максатында конкурс уюштуруу, таштандыларды сорттоо сыяктуу маселелер көтөрүлүп, сунуштар айтылды.

Тегерек столдун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  1. Көлдүн түбүн таштандылардан тазалоо үчүн пансионаттардагы куткаруучуларды тартуу.
  2. 2.Жаш муунду тарбиялоо максатында, Балыкчы шаарынын орто мектептеринин ортосунда конкурс уюштуруу жагын кароо.
  3. Балыкчы шаарынын Нефтебаза аймагын текшерип, суунун анализин алуу.
  4. 4.Синтетикалык балык уулоочу торлорду Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө, даярдоого жана сатууга тыюу салуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү.
  5. ММК каражаттары аркылуу экологиялык көйгөйлөрдү чагылдырып турууну күчөтүү.
  6. Альтернативдик кызмат өтөгөн уландарды тазалоо жумуштарына тартуу.
  7. Жайкы эс алуу сезону аяктаганда пансионаттардагы таштандылардылардын тазаланышына контроль жүргүзүү.

Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуулар жиберилип,  аткарылган иштер тууралуу коомчулукка жооптору берилмекчи.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *