Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Айгүл-Тоо ботаникалык коругунда ишембилик ѳткѳрүлдү.

2021 – жылдын 29- апрелинде Баткен районун Кара-Булак айылындагы Айгүл-Тоо ботаникалык коругунда «Бүткүл дүйнөлүк жер күнүнѳ» жана «Марш паркы» акцияларына карата ишембилик Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду. Бул иш чарага Баткен аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы, Баткен токой-чарбасынын адистери, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, Баткен райондук жаштар комитети, Кара-Булак айылындагы Эрматов орто мектебинин ѳкүлдѳрү болуп жалпысынан 25 киши катышышты.

Ишембиликти Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К., Баткен токой-чарбасынын Сары-Таш токой бѳлүмүнүн башчысы Аширкулов Б., Кара-Булак айылынын  Эрматов атындагы орто мектебинин мүдүрү Эрматов Т. ачышты.

Исабаев К.  Орхус конвенциясынын КР ишке ашыруу боюнча борбордун ишмердүүлүгү боюнча кыскача айтып берди. Орхус борборунун адистери Зайырбеков А., Матисаев А. коопсуздук боюнча кѳрсѳтмѳ беришип, иш чараны ѳткѳрүү максатына токтолушту.

Ѳз сѳзүндѳ Эрматов Т. Эрматов орто мектебинин Жашыл Патрулдар командасынын мүчѳлѳрү жана жетекчилери март айынын башынан апрелдин аягына чейин Айгүл гүлүн коргоо максатында түшүндүрүү жана күзѳт иштерин күн сайын жүргүзѳѳрүн билдирди. Ошондой эле Жашыл Патруль командасына Орхус Борбору тарабынан кеңсе буюмдарды (дептерлер, ручкалар, папкалар) жана  катышуучуларга «Бүткүл дүйнөлүк жер күнү», «Марш паркы» акциялары боюнча маалымат кагаздары таркатылды.

Ишембиликтин соңунда ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарбынан чыгарылган КР Кызыл Китебине кирген  ѳсүмдүктѳрдүн, канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү плакаты таратылды.

Соңунда К.Исабаев,  катышуучуларга ишембиликке активдүү катышкандыгы жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Орхус Борборунун адиси Зайырбеков А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *