Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) командаларынын арасында «Климаттын ѳзгѳрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу» темасында дебат ѳткѳрүлдү.

22-октябрь 2021-жылы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде(КѲЭУ) климаттын ѳзгѳрүүсү боюнча жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында студенттердин арасында дебат ѳткѳрүлдү. Бул иш-чара Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында КѲЭУ жана Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар комитети менен биргеликте уюштурду.

Дебатка Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) улуттук кеңешчиси, Б. Сыдыков атындагы КѲЭУнин, Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ), Ош технологиялык университетинин(ОшТУ) жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин(ОМПУ) биология жана гоеграфия факультеттеринин мугалимдери жана студенттери болуп  жалпысынан 35 киши катышышты.

 Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К. ачып Орхус Борборунун ишмердүүлүгүнѳ токтолду.

ЕККУнун улуттук кеңешчиси Осмонов М. жаштар менен биргеликте аткарып жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

КѲЭУнин профессору, биология илимдеринин доктору Самиева Ж. модераторлук кылып дебатты алып барды.

Студенттер тѳмѳнкү темаларда презентация, аудио жана видео материалдарды даярдашып маалыматтары менен алмашышты.

  • Климаттын ѳзгѳрүшү жана анын себептери;
  • Климаттын ѳзгѳрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу;
  • Жашыл экономика жана анын принциптери;
  • Климаттын ѳзгѳрүшүнүн айлана-чѳйрѳгѳ жана социалдык экономикалык ѳнүгүүгѳ тийгизген таасири.

Дебаттын соңунда калыстар тобу тѳмѳнкүдѳй жыйынтык чыгарышты: ОшМУнун командасы 1-орун, 2-орун КѲЭУ, 3-орун ОшТУ жана 4-орунду ОМПУнун командсы ээледи.

КѲЭУнин ректору Ч. Райымбаевдин катышуусунда женүүчүлѳр тѳмѳнкү баалу сыйлыктар менен сыйланышты: Жеңүүчүнүн кубогу, 6000 миң сом акчалай сыйлык, энциклопедиялар, илимий жана адабий китептер, Орхус Борборунун атайын даярдалган футболкалары, блокноттор менен тѳрт комда тең сыйланышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *