Бишкекте электрондук калдыктар боюнча регионалдык семинар өткөрүлдү.

v-bishkeke-proshel-regionalnyj-seminar-po-elektronnye-othodam
2016-жылдын 6-8-июлунда Бишкекте Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташтыктын аркасында электрдик жана электрондук жабдууларды экологиялык негизделген жөнгө салуу үчүн потенциалды бекмдөө боюнча Регионалдык семинар өткөрүлдү.Семинарда Азербайжандын, Беларуссиянын, Кыргызстандын, Молдавиянын, Казахстандын, Россиянын, Тажикстандын, Украинанын, Словакиянын өкүлдөрү катышышты. Ар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн тышкары семинарда ошондой эле, Казахстандын, ОБСЕнин, ПРООНдун, ЮНЕПтин эксперттери жана Өкмөттүк эмес уюмдардын эксперттери дагы катышышты. Кыргыз Республикасынын атынан семинардын ишине КТЧКТЧМА нин өкүлдөрү катышышты.
Семинардын катышуучулары тажрыйбалар менен алмашышты жана калдыктарды кайра иштетүү боюнча көйгөйлөрдү талкуулашты. Өткөөл экономикасы менен өлкөлөрдө мурдагыдай эле, кооптуу калдыктарды башкаруу үчүн зарыл болгон жоболордун жана эмгек ресуртарынын жоктугу байкалат. Эгерде кокустан кооптуу калдыктарды легалдуу эмес импорттоо болуп калса, укук коргоо органдарынын бажы кызматындагы органдар менен бирге талаптарды аткарууга багытталган операцияларды жүргүзүүгө ыйгарым укуктары болсо дагы, алар андай учурларда дагы кабардар болбой калышат. Өнүккөн жана тездик менен индустриалдашкан өлкөлөр калдыктарды тазалоо жана кайра иштетүүдө стандартуу эмес процесстер менен бөлүшүшкөн. Аталган семинар Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы өлкөлөрдө электрондук жабдууларды экологиялык жактан негизделген жөнгө салуу жөнүндө маалыматтуулукту жогорулатуу максатында уюштурулган.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *