Кыргызстандын түштүгүндөгү «Төө моюн радий рудниги», тарых жана учур

Джусмаматов А.М. Омурзаков М.Т. Каравашкин И.И.
Ош областтык Мамсанэпидкөзөмөл борбору.
Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Школьная к 53.
Электрондук почта: abdil06@rambler.ru

Аннотация: 1922-жылы Россияда биринчи №88-радий сейрек кездешүүчү радиоактивдүү элементинин биринчи граммы Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош областынын Төө-Моюн кенинен алынган. Ата мекендик атомдук өнөр жайын өнүктүрүү үчүн радийдин мааниси жана касиети, кендин ачылышы жана иштеп чыгаруу боюнча кыскача тарыхы берилген, мурдагы «Төө-Моюн» Радий руднигинин учурдагы абалы жана радиологиялык кырдаалы.

Актуалдуулугу: мурдагы рудниктин районундагы жүргүзүлгөн радиологиялык изилдөөлөр ушул жерде жашаган калктын жана туристтердин радиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл.

Изилдөө методдору: Радиологиялык кырдаалды контролдоо үчүн изилдөөнүн радиометрикалык жана радиохимиялык методдору колдонулат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы: Изилдөөнүн жыйынтыгында мурдагы Төө-Моюн радий руднигинин районунан радиологиялык кырдаал жөнүндө объективдүү маалымат алынган жана аны жакшыртуу боюнча сунуштар берилген.

Корутунду: мурдагы Төө-Моюн радий руднигинин районунун радиологиялык кырдаалын контролдоо пландуу жана туруктуу негизде, заманбап изилдөө методдорун колдонуу менен жүргүзүлүп туруусу керек.

Адабияттар:

  1. С.А.Погодин,Э.П.Либман. «Как добыли советский радий». Москва,Атомиздат,1971 г.
  2. Ю.Г.Алешин,И.А.Торгоев,В.А.Лосев.»Радиационная экология Майлуу-Суу»,Бишкек,»Илим»,2000 г.
  3. В.В.Станцо,»Радий»,Популярная библиотека химических элементов. Издательство «Наука»,1983 г.

Кийинки жылдары Кыргызстандын уран чыгаруу өнөр жайынын тарыхына арналган бир катар публикациялар чыгарылган. Көптөн бери купуя жашырылган фактылар ачыкка чыга баштады. Майлуу-Суу,Шекафтар, Кызыл-Джар, Мин-Куш жана башка мурдагы СССРдин Орто машина куруу министрлигинин иш аракет объекттери бүгүн кеңири белгилүү, негизинде кыргызстандыктардын кийинки муундарына көйгөй болуп калтырылган «мурас».

Дагы бири, Жердин атынын – «Төө-Моюн» аталышы : көптөргө белгисиз, башынан эле, 1899-жылдан баштап, Кыргызстандын түштүгүндө геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн, ал эми андан кийин, жаратылыштагы эң сейрек кездешүүчү радиоактивдүү элементтин бири – радийди казып алуу башталган. Төө-Моюн кени геологдорго жана окумуштууларга жакшы белгилүү болгондой, өткөн кылымдын кыркынчы жылдарынан баштап иштелип чыгарылган. Ушул жерде гана өлкөгө өтө керектүү болгон химиялык элемент № 88 дин биринчи граммы алынган.

Төө-Моюн жөнүндө СССР илимдер Академиясынын Радий институтунун директору, советтик радиохимия жана радий өнөр жайынын негиздөөчүсүнүн бири, академик Виталий Григорьевич Хлопин төмөнкүдөй жазган: «Төө-Моюн кени, Түштүк Ферганада, Алай кырка тоолорунун этегиндеги 30 км, областтын Ош шаарынан түштүк-батышында 62 км, Орто Азиа темир жолунун автомобильдик жол менен байланышкан Федченко станциясынан 62 км жерде, азырынча өнөр жайлык өндүрүлүп чыгарылган СССРдин чегинде орун алган урандык-ванадийлик руданын жападан жалгызы.
 radievyj-rudnik-tuya-muyun-na-yuge-kirgizii-istoriya-i-sovremennost
Ушул рудадан совет өлкөсүндөгү биринчи радий чыгарылып алынбады беле. Мында 250-300 т .рудада 1 г. радий камтыган эсеп менен, бардыгы болуп 5 миң.тоннанын тегерегинде руда казылып алынган.
Бүгүнкү күндө тоо породаларынын отвалдарын жана руданын курулмаларынын пайдубалын гана Ноокат-Араван каттамынын автобусунун терезесинен көрүүгө мүмкүн, бул Кыргызстандын Түштүгүндөгү ушул калктуу пункттардын ортосундагы кичирээк ашууда орун алган. Кендин тарыхы кандайча болгон? Жана –эмне үчүн радийди казууга өткөн кылымдын башында эле мамлекеттик маани берилген? Жаңы химиялык элементтин аталышы- радий-«нурлуу» жана «радиоактивдүүлүк» деген терминдин өзү 26.12.1898 –ж. биринчи пайда болгон.

П. жана М. Кюри жана Ж. Бемондун Париж илимдер Академиясынан берген билдирүүсүндө «жаңы күчтүү-радиоактивдүү заттын» ачылышы жөнүндө билдирилген жана аны «радий» деп атоо сунуш кылынган. Бул окуя «Х» нурлары В. К. Рентген тарабынан ачылганынан болгону 3 жылдан кийин болгон жана А. Беккерел тарабынан уран кошулмаларын изилдөөдө 1896-жылы рентгендик нурларга окшош нурлар табылган.
Жаңы элементти табуунун кыйынчылыктары жөнүндө фактылар өзү айта алышат, жаңы элементтин атомдук салмагын аныктоо үчүн зарыл болгон 0,1 г хлорлонгон радийди алуу үчүн, Кюри үй-бүлөсү руданын тонналарын кайра иштетүүгө, 10000 бөлчөктү кристаллдаштырууга туура келген, бул иштерге 45 ай бою кажыбаган эмгек талап кылынган. Ошондой эле, алар радийдин препаратары менен катар коюлган заттар радиоактивдүү болуп калгандыгын (наведенная радиоактивность) көзү менен көрүп аныкташкан, демек нурдануу кээ бир химиялык процесстердин жүрүшүнө таасир тийгизе тургандыгын көрүшкөн, бул нерсе аларга өзгөчө кооз болуп көрүнгөн – радиоактивдүү эритмелер караңгы жерде жаркырап жанып турган.

Радийдин ачылышы окумуштуулардын, өнөр жайындагылардын жана коомчулуктун чоң кызыгуусун пайда кылган, анын адаттагыдай эмес түзүмү, белгилүү болгон физика жана химиянын негизги мыйзамдарын каршы келгендик: анткени радий препаратынын температурасы ар дайым курчап турган чөйрөдөн жогору болгондугу, токтоосуз газдарды чыгарып туруусу, анын ичинде гелийдин болгондугунун аныкталышы, б.а. бир химиялык элементтин башкага айланып туруусу. Радийдин нурлануусу күйүктөрдү жана жараларды пайда кылуу менен тирүү организмдерге зыян келтире тургандыгы билинди.Жаңы элементтин нурдануу касиети үчүн аны таза түрүндө алуу жана иш үчүн жеткиликтүү өлчөмдө алуу зарыл болгон. Жаратылышта радийдин минералдары таза түрүндө кездешпейт, ал радиоактивдүү уран катарларынын көп узак жашоочу мүчөсү болуу менен, радий урандык минералдарда болот. Булар түзүмү боюнча абдан татаал, өтө сейрек кездешет жана маанилүү чогулмаларды пайда кылбайт. Алардан радийдин бөлүнүп чыгуусу өтө оор. Үч тонна таза уранда бардыгы болуп 1 грамм радий камтылат. Бирок бул граммдын активдүүлүгү, өзү алынган урандын активдүүлүгүнө тете болот.

radievyj-rudnik-tuya-muyun-na-yuge-kirgizii-istoriya-i-sovremennost2

Европадагы радийдин жалгыз булагы урандык смолка (настуран) Яхимовада (Чехия) болгон.
1909-ж. -1913 –ж. чейин Яхимовада 7,723 г. радий чыгарып алынган. 1 г. алуу үчүн 10000 т .дистицирленген суу, 450-500 т. химикаттар жана 1000 т. көмүр керектелет. Бир эле 1910-жылы М.Кюри жана А.Дебьери радийди таза түрүндө алышкан. Бул 6,0 г/см3 тегерегиндеги тыгыздыкта болгон күмүш сыяктуу ак металл болгон. 1г. радийдин активдүүлүгүнөн биринчи болуп ачкандардын урматына -«кюри» деген атты алган: 1 сек. 1 г. радийде 3,7х10 10 ондук ядердик айлануулар өтөт.
Россияда радиоактивдүү минералдардын ачылуу тарыхы 19-кылымдын аягында башталган, бул Фергана өрөөнү аркылуу Орто Азия темир жолу курулгандан башталган. Ошол кезде ал жерде пайдалуу кендерди табуу менен аракет кылган ишкерлер пайда болушкан. Алардын бири В. А. Спечев жергиликтүү тургундардын жардамы аркасында Төө-Моюн рудалык кенин тапкан жана аны сымап рудасынын узакка жатып калган кен катмары катары кайрылуу кылган. Жергиликтүү калк мурда бул жерден жез казып алган, ал эми орто кылымда рудник кытайлыктар тарабынан активдүү иштетилип турган.
Төө-Моюн рудасынын бөлүктөрү Петербургда изилденген жана 1990 –ж. Петербург минералогия коомунун жыйынында, Тоолор институтунун профессору Иван Александрович Антипов Алай тоо этегиндеги рудада табылган жез уранити уранга бай руда сыяктуу зор кызыгууну жаратат деп билдирүү жасаган.
1904-жылдын жайынан баштап тоо инженери Л.И.Антунович уран рудасын чалгындоону жана алууну баштаган. 1908-ж. «Фергандык сейрек кездешүүчү металлдарды алуунун коомун» уюштуруп, ал тарабынан жумуш жүргүзүлө баштаган.

Казып алуу биринчи дүйнөлүк согушка чейин уланган. 820 т. руда казылып алынган, анын көп бөлүгү Петербургга чыгарылып кеткен жана урандын жана ванадийдин препараттарына кайра иштетилген.
Ата мекендик радий өнөр жайын түзүү үчүн, Россиянын радиоактивдүү минералдарын жана рудаларын изилдөө боюнча иштерди, академик Владимир Иванович Вернадский жетектеген. 1914-жылы январь айында Россияда радийди алуу боюнча жыйында сүйлөп жатканда илимдер Академиясынын лабораториясы тарабынан Туркестан рудасында радийдин болгондугу аныкталгандыгы жөнүндө белгилеген.

Төө-Моюн кенинин өзүнчө өзгөчөлүгү болгондугун, уран жана радий камтыган минералдар: ферганит, туя-муюнит, алаит, туранит деп аталгандыгы жөнүндө фактылар далилдеп турат.
В.И.Вернадскийдин сунушу боюнча Россия илимдер Академиясы комиссия түзгөн, ал Россияда радий өнөр жайын түзүү менен аракеттенүүсү керек болгон. В.И.Вернадский орус илими үчүн өз радийин алуу милдетин чечүүнүн мааниси жөнүндө төмөнкүдөй жазган: «Биздин алдыбызда адамдын кыялында көз алдыга тартылган сүрөттөгү күчтүн бардык булактарынан миллион эсе жогору турган атомдук энергиянын радиоактивдүү булактарынын кубулуштары ачылат» жана «радийдин чоң коруна ээлик кылуу, анын ээлерине, алтындын, жердин, капиталдын…ээлери алуучу зор кудуретти, анын алдында бозоруп калган абалда калгандай күчтү жана бийликти берет». Фергандык коом эле жогорку киреше алуу максатында казылып алынган руданын баарын чет өлкөгө алып чыгууну чечишкен. Берлинде туркестан радийин чыгарып алуу үчүн «Эл аралык акционердик коом» түзүлгөн. Руда чыгарууга даярдалган, жалаң 1914 –жылдагы согуш гана аны Германияга жөнөтүүгө жолтоо болуп калган. Руданы казуу токтотулган. Кийин гана 1922-ж. бул жакка экспедиция жөнөтүлгөн болчу. Анын милдетине чалгындоо, ошондой эле радий кенин казуу кирген. Анын курамында бардыгы болуп 8 гана адис болгон: геолог, минералолог, геохимиктер.

Революциядан кийинки оор шарттарда басмачылардын бандаларынын курчоосунда, 1922 –жылы Төө-Моюнда руданы өнөр жайлык жол менен казуу уюштурулган. Байлыгы 15-20 г. радийге, 60 т.уранга, 120 т. жезге бааланган. Кен бул карст тибиндеги үңкүр сыяктуу жана аркан сымал жол болгон тутумду түзгөн рудалык тулку болуу менен жайгашкандыгы аныкталган. Экспедициялык изилдөө иштеринин жүрүшүндө аны менен кошо жаңы сурьманын чоң кени Шахимардан районунда табылган, ал эми бул жерде 70 жылдан ашык Кадамжай сурьма комбинаты иштеп жатат. Ар кандай мезгилдерде Төө-Моюнда илимдер Академиясынын белгилүү өкүлдөрү болушкан: алар, В.И.Вернадский, А.Е.Ферсман, Д.И.Мушкетов, Д.В.Наливкин, В.И.Вебер, Д.И.Щербаков ж.б.. Балким ошондуктан рудник курулган тоо «Академиялык» деген аталышты алгандыр, ал эми ушул тоодогу Чоң Бариттик үңкүр экинчи – «Ферсман Үңкүрү»деген аталышка ээ болгон. Рудниктин баштапкы өндүрүмдүүлүгү жылына–500 т. руда. Андан 2 г.радий алынышы мүмкүн, ал ата мекендик радий өнөр жайын түзүү үчүн сырьелук базаны камсыз кыла алат. Ата мекендик радийдин биринчи эталону бир гана Төө-Моюндун рудасынан алынган анткени, торий менен булгануу болбогондугу.

Кенди иштетүү жер алдындагы жабык түрү боюнча жүргүзүлгөн жана жер алдындагы суулардын тереңдиги 220 метр болгондуктан токтотулуп коюлган. Радий дүйнөдөгү атомдук өнөр жайынын өнүгүшүндө өзүнүн ролун аткарды, ал өз кезегинде медицина үчүн медицинадагы шишиктерди дарылоодо кеңири колдонулган, дефектоскопия техникасында, заманбап ядролук технологияларды түзүүгө жеткирген илимий изилдөө иштеринде, радийдин радиоактивдүү касиетин изилдеп чыгууда жана колдонууда атомдун ядросунун түзүлүшүн жана радиоактивдүүлүк кубулуштарын изилдөөдө зор ролду аткарды.  Рудадан радийдин кошулмаларын бөлүп алууда жана алардын касиетин изилдөөдө иштеп чыгарылган химиялык методдор, радиохимиянын методдорунун негизинде жатат. Жыл өткөн сайын ядердик физика жана атомдук техникалар өнүккөнү менен, радий экинчи планга жылдырыла баштаган.

Башка радиоактивдүү элементтер жана изотоптор медицинада дагы жана техникада да колдонууга көбүрөөк ылайыктуу боло баштады, себеби алар радийге караганда бир канча арзан жана жеңил алынат. Болгону, радиоактивдүүлүк эталону сапатында гана радий туздары атаандаштыктан тышкары калышты. Дагы бири – радон газы радий туздарынын медицинада дарылык булагы катары калгандыгы.Ал эми бизге Кыргызстандын Түштүгүндө, мурдагы Төө-Моюн радий руднигинин коопсуздугу жөнүндө кам көрүү, мурас болуп калтырылды.  Азыркы биздин мезгилде «Академиялык» тоо, иштетүүдөн калган радий руднигинин шахтасы жана штректери, табигый карст тилкелери, илгерки кен казуучулардан калган лабиринт купуя сырлар.  Ал эми «Ферсман үңкүрүнө» рудниктин штольнясынын бири жол баштап берет.

Булардын баары бул жерлерге спелеологдорду жана туристтерди кызыктырып тартат. Тоолордун бетине кошуна айылдын тургундары малдарын жайышат. Ал эми адамдарга кандай коркунучтар күтүлө тургандыгы жөнүндө ким билсин. Дагы канча миңдеген жылдарга дейре рудниктин кен калдыктарынын «нурлануусу» боло берет. Төө-Моюндун жер алдындагы лабиринттерине кирген жолдордун баары ачык, металлолом алуугабы, же жөн эле кызыккандыктан деле, ким кааласа кире бер. Тилекке каршы, өткөн кылымдын катаал болгон кыркынчы жылдары рудниктин жабылышында, бул аймактарда адамдардын атомдук кылымдын коркунучтуу калдыктары менен катарлаш жашоого туура келе тургандыгы жөнүндө ойлонушкан эмес. Мурдагы Төө-Моюн радий рудниги жайгашкан райондогу радиациялык кырдаалга контрол жүргүзүүнү көп жылдан бери Ош областтык санэпидстанциясынын радиологиялык лабораториясы аткарып келе жатат. Ар жыл сайын тоо породаларынын кен калдыктарынын абалы текшерилип турат.

Курулуш иштери үчүн колдонуунун алдын алуу максатында, ченөөлөр ар жыл сайын мамлекеттик текшерүүдөн өткөрүлгөн СРП-68 геологиялык издөөчү радиометр менен дайыма текшерилип турат, кен калдыктарынын алдындагы гамма-фонунун көрсөткүчү жогору жана 80 ден 150 мкР/саат болгон, ал эми кен калдыктарынын үстүндөгү түзүмүндө рудасы болгон породаларынын бөлүкчөлөрүнүн гамма-фону 500 мкР/саат болгондугу көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бийликке дайым сунуштар берилет, шахта курулмасына кирген бардык кирүүчү жолдорду жабуу керектиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү, кен калдыктарын изоляциялоо жана жергиликтүү калкты жана туристтерди райондогу радиациалык коркунуч жөнүндө эскертүү берилип турат.
radievyj-rudnik-tuya-muyun-na-yuge-kirgizii-istoriya-i-sovremennost2

Араван- Сай суусу аккан капчыгайдын кире беришинде жайгашкан мурунку рудниктин дренаждык штольнясынан чыккан сууга жасалган радиохимиялык анализдер жана рудниктин жогору жана төмөн жагындагы аккан суудан алынган анализ сууда уран менен булгануу болбогондугун көрсөттү. СГ-1М Электрометри менен мурунку рудниктин штольнясында жана сууда, радийдин бөлүнүүсүндөгү радиоактивдүү радон газынын камтылышына ченөө жүргүзүлгөн. Сууда радон жок болуп чыккан, ал эми штольнядагы абада анын камтылышы жогору болуп 2х10^-10 Ки/л. ден 5х10 –10 Ки /л (7-19 Бк/л) (ПДУь=0,1 Бк/л) ге чейин болгон. Ошондуктан мурунку рудниктин районунда адамдар үчүн бүгүн башкы коркунучту түзүүчү шахта курулмасына кирген бардык ачык кирүүчү жолдор жана изоляцияланбаган тоо породаларынын кен калдыктары болуп саналат. Демек, азырынча ушул маселелер чечилмейинче, мурдагы Төө-Моюн радий рудниги жана анын тарыхы жөнүндө унутууга болбойт.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *