Чолпон-Ата жана Таластагы тегерек столдор

2020-жылдын 25-сентябрында жана 1-октябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жана Талас облусунун Талас шаарында Бишкектеги Орхус Борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусу жана Кыргыз Республикасынын улуттук денгээлде аныкталуучу салымдары. Жарандык коомду климаттын өзгөрүшү көйгөйлөрү жөнүндө маалымдоо үчүн Орхус Конвенциясын колдонуу”. Бул иш-чаралар БУУнун өнүктүрүү программасынын Чакан Гранттар Программасы менен биргеликте жарандык коомду, мамлекеттик уюмдардын кызматкерлерин, экологиялык кызматтарды, билим берүү мекемелерин жана аймактардагы бейөкмөт уюмдарды маалымдоо максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаттары:

  1. Париж макулдашуусу (ПМ) Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын Өзгөрүшү Алкактык Конвенциясы (БУУ КӨАК) жөнүндө жана Кыргызстандын Улуттук денгээлде аныкталуучу салымдары, ошондой эле өлкөнүн климаттык көрсөткүчтөрү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук денгээлдэ аныкталуучу салымдары (УДАС) боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана талкуулоого коомдук катышуу жөнүндө мамлекеттик органдарга маалымат берүү.
  3. ПМ максаттарына жетүү үчүн УДАСны жаңыртуу боюнча сунуштарды чогултуу.

COVID-19 пандемиясын эске алуу менен, бул иш-чара Оорунун алдын алуу боюнча Республикалык штаб тарабынан бекитилген баардык санитардык нормалар менен жүргүзүлдү.

Семинардын негизги спикерлери:

– А.Нурбеков – Орхус Борборунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Орхус Борборлорунун Стратегиясынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар жана “Covid 19” коронавирусунун жайылышын алдын алуу үчүн карантиндик чараларды киргизүүнү эске алуу менен 2020-жылга пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө презентация жасады. Ошондой эле ал катышуучуларга БУУнун “Күтүлгөн натыйжаларга жетүү үчүн УДАС процессине жарандык секторду тартуу маалымат берүү ” чакан гранттар долбоорун ишке ашыруунун башталышы жөнүндө, анын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди.

– В.Гребнев – Орхус Борборунун климаттын өзгөрүшү боюнча эксперти, ал семинардын катышуучуларына “Кыргыз Республикасынын климаттык саясаты жана Париж миакулдашуусу” деген темада презентация жасады. Анда ал БУУнун КӨАК кошулуу боюнча Кыргызстандын саясаты, 2040-жылга чейинки Өнүгүү Стратегиясын иштеп чыгуу боюнча Кыргызстандын Улуттук саясаты жана Кыргыз Республикасынын “Биримдик, Ишеним, Жаратуу” Өнүгүү Программасы жөнүндө айтып берди.

– А.Темирбеков – Орхус Борборунун климаттын өзгөрүшү боюнча эксперти болуп саналат, ал “ПМ жана УДАС максаттарына жетүү боюнча чаралар” темасында жасаган. Ал катышуучуларга УДАС деген эмне, адаптациялоо боюнча маалыматты чогултуучу бөлүмдөр жана методологиялар, азайтуу жөнүндө маалыматтар, максаттар, жумшартуу үчүн салымдар жана Кыргыз Республикасындагы УДАСларды жаңыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

Эки тегерек столдун презентациялары жана эксперттердин сунуштары боюнча кутышуучулар жакшы кабыл алышты. Маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтуу маселеси дагы көтөрүлдү, анткени көпчүлүк басма сөздү алыстан изилдешет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *