Бишкектеги Орхус Борбору КР ЖРЭТКМнын кызматкерлери үчүн тренингдерди өткөрүштү

2023-жылдын Нарын шаарында 19-сентябрында, Чолпон-Ата шаарында 21-сентябрында, Бишкек шаарында 26-сентябрында жана Талас шаарында 28 сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (КР ЖРЭТКМ) Нарын жана Ысык-Көл аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери окуудан өтүштү. Бул тренинг 2023-жылдын 12-июнунан 31-декабрына чейин КР ЖРЭТКМ менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда кол коюлган Кызматташтык Планынын негизинде минстрилигинин кызматкерлери үчүн өткөрүлүүдө. Бул тренингдин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен  ЖРЭТКМ атынан Орхус Конвенциянын куратору Н.Казакбаев – жөнгө салуучу колдоо бөлүмүнүн башчысы жана Бишкектеги Орхус Борбору уюштурушту.

Нарын ш.

Чолпон-Ата ш.

Бишкек ш.

Бишкек ш.

Тренингдин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Орхус борборунун тренери Н.С.Байдакова Орхус конвенциясы, анын негизги принциптери жана коомдук ишинде колдонуу ыкмалары жөнүндө толук маалымат берди. Тренер тарабынан иштелип чыккан материалдар министрилигинин кызматкерлери үчүн 2021-жылдын сентябрь-октябрь айларында тренингдин биринчи циклинде колдонулган. Бул убакыттын ичинде ЖРЭТКМин нече жолу трансформацияланып, жаңы кызматкерлер менен толукталды. Буга байланыштуу Орхус Конвенциясынын принциптерин күнүмдүк ишинде түздөн-түз колдоно турган жаңы кызматкерлерди окутуу зарылчылыгы келип чыкты.

Нарын ш.

Чолпон-Ата ш.

Бишкек ш.

Талас ш.

Тренингдин жүрүшүндө бардык катышуучуларга окуу материалдары, Орхус Конвенциясы жөнүндө окуу куралы, Орхус Конвенциясы боюнча суроолор жана жооптор камтылган бюллетендер, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдар боюнча колдонмо берилди. Тренингдин катышуучулары бул материалдардын баарын өз иштеринде колдоно алышат жана алган билимдерин экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө колдоно алышат. Тренингдин жыйынтыгында уюштуруучуларынын атынан ар бир катышуучуга сертификаттары тапшырылды.

Нарын ш.

Чолпон-Ата ш.

Бишкек ш.

Талас ш.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *