Дебаттар: «Жаштар жана экология»

2019-жылдын 18-майында Кыргыз-Өзбек Университетинин чоң актылык залында Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында “Жаштар жана экология” темасында парламенттик дебаттар боюнча турнир болуп өттү.

Иш чара Ош шаарындагы Орхус маалымат  борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте өткөрүлдү.

Ага Жаштар иштери боюнча комитеттин кызматкерлери, “Ынтымак” Коомдук теле-радио компаниясынын өкүлдөрү жана шаардагы 4 жогорку окуу жайлардан 10 командасы болуп 33 адам катышты.

Дебаттардын ачылыш аземинде Орхус борборунун, Жаштар иштери боюнча комитеттин жетекчилери сөз сүйлөшүп, эки тараптын ортосунда 2022-жылга чейин кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча алдыңкы 3 орун үчүн катышуучулар Орхус борборунун Ардак грамоталарын, сыйлыктарын жана Жаштар иштери боюнча комитеттин Ардак грамоталарын, акчалай сыйлыктарын алышты.

 

  • 1-чи орунду Кыргыз-Өзбек Университетинин “Бийиктик” командасы ээледи. Команда мүчөлөрү Ардак грамота, китептер жана 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты;
  • 2-чи орунду Ош Технологиялык Университетинин “Green life” командасы ээледи. Команда мүчөлөрү Ардак грамота, китептер жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты;
  • 3-чү орунду Кыргыз-Өзбек Университетинин “Жаш муун” командасы ээледи. Команда мүчөлөрү Ардак грамота, китептер жана 1000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Студенттерди дебаттарга даярдагандыгы, активдүү кызматташкандыктары үчүн 4 Жогорку окуу жайдын мугалимдерине жана 6 номинациянын жеңүүчүлөрүнө китептер жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Иш чараны өткөрүүнүн максаты:

  • Жаштарды жаратылышты коргоого чакыруу;
  • Интеллектуалдык деңгээлди жогорулатуу;
  • Чечендик өнөрдү өстүрүү;
  • Парламенттик дебаттарга ойноону үйрөтүү;
  • Жогорку окуу жайлардын студенттери ортосундагы кызматташуу;
  • Көйгөйлөрдү чечүүдө жана долбоорлорду иштеп чыгууда анализ жүргүзүүгө үйрөтүү;
  • Жаштарды экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө чакыруу.

Дебаттарды уюштурууда жана өткөрүүдө Орхус борборунун алдындагы экологиялык клубдун мүчөлөрү активдүү катышышты.

Аягында өнөктөш уюмдардын жетекчилери бардык катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдиришип, алардын окууларына ийгилик каалашты.

Дебаттарды өткөрүү жөнүндөгү иш чара “Ынтымак” Коомдук теле-радио компаниясынын 2019-жылдын 20-майында саат 19:00 дөгү чыгарылышы аркылуу көрсөтүлөт.

 

 

Коомчулук мене иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *