Сербия мамлекетинде Орхус борборлорунун чогулушу

2024-жылдын 15-16-октябрында Белградда (Сербия) Түштүк-Чыгыш Европа, Закавказ жана Борбордук Азиянын Орхус Борборлорунун жылдык жыйыны болуп өттү. Ага Ош, Бишкек шаарларындагы жана Ысык-Көл облусундагы Орхус Борборлорунун жетекчилери, Кыргызстандагы Орхус Конвенциясынын координатору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын күн тартибине 3 маселе кирди: Орхус борборлору жана Туруктуу өнүгүүнүн 16-максаты “Тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар», Орхус борборлорунун иш-чараларына жаштардын катышуусун күчөтүү, Климаттын өзгөрүүсү жана экологиялык билим берүү маселелери боюнча Орхус Борборлорунун тажрыйбасы. Анын соңунда Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун жетекчиси Адил Нурбеков «Климаттын өзгөрүүсү боюнча билим берүүдөгү Кыргызстандын Орхус Борборлорунун тажрыйбасы» деген доклад жасады”.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары өз аймактарында Орхус Конвенциясынын принциптерин илгерилетүү үчүн бардык Орхус Борборлорунун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, келечектеги долбоорлорду жана аларды ишке ашырууну пландаштыруу, ММКлар менен ишенимдүү мамилелерди түзүү, ишти жана көйгөйлөрдү жакшыраак түшүнүү аркылуу талкуулашты.

Бул жолугушуу Орхус Борборлорунун өз миссиясын аткарууга, Орхус Конвенциясынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу эрежелерин сактоого жана алынган тажрыйбаны өнөктөштүк жолугушуулар аркылуу берүү потенциалды жогорулатууга куруу берилгендигин ырастады.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *