Экологиялык коопсуздук

2020-жылдын 12-ноябрында Сузак Райондук Мамлекеттик Администрациясынын кичи жыйындар залында Сузак районунун экологиялык коопсуздук маселелерин талкуулоо боюнча Тегерек стол болуп өттү. Иш чарада райондун 11 айыл өкмөтүнүн башчылары, Көк-Жаңгак шаарынын мэри, Экотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору жана Орхус борборунун кызматкерлери болуп 17 адам катышты.

Тегерек столду райондук мамлекеттик администрациянын Биринчи орун басары, акимдин милдетин аткаруучу Туркбаев Т. К. алып барды.

Алып баруучу катышуучуларды иш чаранын программасы, райондун аймагындагы курчап турган чөйрө жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча көйгөйлөр менен тааныштырды. Айыл өкмөттөрүнүн аймактарында таштанды калдыктары үчүн полигондордун, мамлекеттик органдардын ортосундагы биргелешип иш алып баруунун жоктугун белгилеп, бул иш чараны уюштургандыгы үчүн Орхус борборуна ыраазычылык билдирип, сөздү борбордун директору К. Исабаевке берди.

Борбордун директору Орхус конвенциясынын Кыргыз Республикасында ишке ашыруу боюнча борбордун ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, башка аймактардагы курчап турган чөйрө көйгөйлөрүнүнө мисал келтирип, катышуучуларды курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууга чакырды. Жана эгер демилге болсо борбор шаарларда, айыл өкмөттөрдө акцияларды, тегерек столдорду жана тренингдерди уюштурууда көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди. Иш чараны уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн К. Т. Туркбаевке ыраазычылык билдирди.

Андан кийин Экотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрбаев М. С. сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө таштанды полигондорунун жоктугу, атмосфералык абаны булгоо маселелери өтө курч тургандыгын белгиледи жана мыйзамга ылайыктуу полигондор Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында ган бар экендигин айтып өттү.

Анын айтымында инспекция тарабынан текшерүүлөр жүрүп, айып пулдар салынганы менен тыянак чыкпай жатат. Бул маселелерди чечүү үчүн  элдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Сузак райондук администрациясын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын биргеликте кызматташууга чакырды.

Андан ары айыл өкмөттөрүнүн башчылары, экотехинспекциянын инспекторлору сөз сүйлөштү. Алар курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ар кандай көйгөйлөргө токтолушту. Талкуу жүрүшүндө төмөндөгүмаселелер аныкталды:

– таштанды полигондорунун жетишсиздиги;

– жерлерди таштанды полигондору үчүн трансформациялоодо документтерди топтоодогу кыйынчылыктар;

– мамлекеттик текшерүүчү органдар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ортосундагы биргелешип аракеттенүүнүн жоктугу;

– атмосфералык абанын булгануусу;

– таштандыны ташып чыгаруу үчүн төлөмдү топтоодогу кыйынчылыктар;

– таштанды полигону үчүн жерди трансформациялоодогу документтерди топтоону жеңилдетүү  боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу даярдоо;

– дарактарды сугарууда сугат системаларынын жетишсиздиги.

Соңунда Райондук мамлекеттик администрация, Экотехинспекция жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташып иш алып барууга макудашышты. Акимдин милдетин аткаруучу маселелерди бат чечүү максатында Экотехинспекциянын инспекторлору үчүн администрациянын имаратынан атайын бөлмөлөрдү бөлүп берүүгө сөз берди.

Бардык айыл өкмөт башчыларына “Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында иш алып барган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук ченемдик актылардын жыйнагы” жыйнагы, Коронавирус пандемиясын алдын алуу боюнча Эскертмеси таркатылды.

Тегерек стол Орхус борбору тарабынан Сузак Райондук мамлекеттик администрациясы, Экотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча аймактык башкармалыгы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинини “Экологиялык башкарууга жана жашыл экономикага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *