Өзбекстан Республикасынан келген делегациянын мүчѳлѳрү Каджи-Сай жана Миң-Куш айылдарындагы уран мурастары менен таанышышты

2021 жылдын 29-июндан 02-июлга чейин ӨКМ, ТИМ, Госкомэкология, БУУ ӨП, ЕККУ  курамында турган Өзбекстандан келген делегация Кажы-Сай жана Миң-Куш айылдарындагы уран мурастары менен таанышышты.

Бул иш сапар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана КРнын ӨКМнин калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги тарабынан уюштурулду. Иш-чарага “Визутек”, “Меридиан Голд”, “РосФЭО” компанияларынын ѳкүлдѳрү, Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы, Миң-Куш айылдык Кеңешинин төрагасы жана Ош шаарындагы Орхус Борборунун мүдүрү катышышты.

Таанышуу иш сапарынын алкагында катышуучулар Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы калыбына келтирилген уран калдыктарын сактоочу жайга барышты. КР ӨКМ калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттиктин ѳкүлдөрү “Уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган ЕврАзЭС мамлекеттеринин аймактарын калыбына келтирүү” Мамлекеттер аралык Максаттуу Программасынын алкагында калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгѳндүгү боюнча кеңири маалымат берди. Катышуучулар калыбына келтирүү иштери боюнча тажырыйба алмашышты.

Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштеринин маанилүүлүгүн жана мурдагы уран өндүрүлгѳн өнөр жай объектилеринде калыбына келтирүү иштерин улантуу зарылдыгын белгиледи.

Андан соң катышуучулар Жумгал районунун Миң-Куш айылында, Альянс компаниясы калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жаткан өнөр жай зонасына барышты. КР ӨКМнин калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттиктин жана кампаниянын ѳкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштери боюнча толук маалымат беришти.

Орхус Борборунун мүдүрү “Уран калдыктары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды тартуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан маалымат иштери жөнүндө кеңири айтып берди. Калыбына келтирүү иштеринин ар кандай баскычтарында жергиликтүү калкка маалымат жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле катышуучуларга радиациялык коопсуздук боюнча окутуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн айтып ѳттү. ЕККУнун “Борбордук Азиядагы уран мурасы” долбоорунун алкагында Майлуу-Суу шаарында жана Миң-Куш, Шекафтар айылдарында 2015-жылы түзүлгөн Коомдук экологиялык маалымат борборлорунун (КЭМБ) ишмердүүлүктѳрү боюнча маалымат жеткирди. Аталган элдүү пунттарда орнотулган 18 маалыматтык тактайчаларга ЕККУ, БУУ Өнүктүрүү Программасы жана ѳнѳктѳштѳрдүн каржылык колдоосу менен даярдалган маалыматтык материалдар жана плакаттар такай жаңыланып тураарын белгиледи.

Таанышуу сапарынын катышуучулары “Туюк-Суу” калдыктарды сактоочу жайга барышты. Ал жерде Туюк-Суу калдыктарын “Дальнее” калдыктарды сактоочу жайга көчүрүү боюнча даярдык иштери менен таанышышты. Бул иш-чара “Меридиан Голд” компаниясы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Компаниянын жетекчиси катышуучуларга объектте жүргүзүлгөн жана пландалган иштер тууралуу маалымат берди. Ал жакта даярдоо иштери менен  жана өндүрүш объекттери (санитардык ѳткѳрмѳ пункту, транспорт жууп-тазалоочу станция) менен таанышышты.

Андан соң катышуучулар “Дальнее” калдыктарды сактоочу жайга барышты. Ал жакта калдыктарды кѳмүү үчүн даярдоо иштери менен  жана өндүрүш объекттери (санитардык ѳткѳрмѳ пункту, транспорт жууп-тазалоочу станция) менен таанышышты.

Андан ары  катышуучулар Миң-Куш айылындагы Н.Крупская атындагы орто мектебине барышты. Орхус Борборунун мүдүрү катышуучуларга Майлуу-Суу шаарындагы жана Миң-Куш, Шекафтар айылдарындагы 12 мектепте Жашыл Патрулдук топтордун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Миң-Куш айылындагы 3 мектептин арасында радиациялык, экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча  ѳткѳрүлгѳн сынактын жыйынтыгын жарыялады. Сынактын жеңүүчүсү деп Н. Крупская атындагы орто мектебинин Жашыл Патрулдар командасы аталып, түстүү принтерге ээ болду. 2-орунду А. Ибраимов орто мектебинин Жашыл Патрулдар командасы ээлеп, спорттук топтор тапшырылды. 3-орун Жусуп Сары уулу атындагы орто мектебинин Жашыл Патрулдар командасы аталып, оңдоо иштери үчүн 3 корбка боёк тапшырылды. Бул сынактын катышуучулары үчүн сыйлыктарды ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси даярдады.

Жолугушуунун катышуучулары мектептердин Жашыл Патрулдар командаларынын мүчѳлѳрүнѳ  окууларына жана иштерине ийгиликтерди каалашты.

2021-жылдын 1-июлунда, делегация Бишкек шаарында КР ӨКМ түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Климаттын өзгөрүшүнүн шартында табигый кырсык коркунучун азайтуу жана адаптациялоо жаатындагы улуттук демилгелер” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.

Ош шаарындагы Орхус Борбору.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *