«Экологиялык журналистика-2015!» регионалдык конкурсу

regionalnyj-konkurs-ekologicheskoj-zhurnalistiki-2015

Экологиялык Журналистика Регионалдык Конкурсу тематикалык болуп саналат жана Фергана өрөөнүндө экологиялык журналистиканы колдоо жана ошондой эле стихиялык кыйроо тобокелдерин башкаруу контекстинде курчап турган чөйрө жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелеринде коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн өткөрүлөт.

– Конкурс – Фестивалдын Уюштуруучулары болуп саналгандар:

— Ош шаарындагы Орхус Борбору (Кыргызстан)
— Бишкек шаарындагы Орхус Борбору (Кыргызстан)
—Худжанд шаарындагы Маалыматтык Экологиялык Орхус Борбору (Таджикистан)

Конкурс экологиялык багыттарда электрондук жана басма түрүндөгү Кыргызстандын жана Таджикистандын массалык маалымат каражаттарынын мыкты иштерин чыгаруу үчүн өткөрүлөт. 2015-жылдын артыкчылыктуу темасы: «Кыргызстандын жана Таджикистандын чек аралык райондорунда стихиялык кыйроо тобокелдерин башкаруунун натыйжалуу методдору жөнүндө жергиликтүү калктын маалыматтуулугун жакшыртууну жогорулатуу».

КОНКУРСКА КАТЫШУУНУН ШАРТТАРЫ

  1. Конкурска катышуу үчүн журналисттер, өнөр жамааттары, редакциялар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.
  2. Конкурста Кыргызстандын жана Таджикистандын аймагында 2015-жылдын 1-январынан 20- сентябрына чейинки мезгилде басып чыгарылган, (эфирге чыгарылган) иштер катыша алат.
  3. Уюштуруу комитети тарабынан бекитилген форма боюнча өтүнмө катты толтуруу керек жана конкурстук ишти төмөндө көрсөтүлгөн дарекке, 2015-жылдын 20 сентябрынан кечиктирбестен жиберилиши керек. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечигип келген иштер конкурска киргизилбейт.
  4. Эгерде конкурска жиберилген иш журналисттин атынан берилсе, анда финалга чыгып, приз жана диплом тийсе, ал журналисттин өз менчиги болуп саналат; эгерде конкурска жиберилген иш редакциянын атынан берилсе, анда приз жана диплом редакцииянын өз менчиги болуп саналат.
  5. Бир автордон жана өнөр жамаатынан 3төн көп эмес иш берүүгө мүмкүн болот.
  6. Башка фестивалдарга катышуу Экологиялык Журналистика Регионалдык Конкурсуна катышууга кедерги болбойт.
  7. Конкуртун жумушчу тили – орус тили. Ошондуктан башка тилдеги материалдарга (кыргызча, тажикче) сөзсүз орус тилинде болушу шарты зарыл, толук орус тилине которулган тиркемеси тиркелиши керек.
  8. Конкурска берилген иштер рецензия кылынбайт жана кайтарылып берилбейт. Конкурска берилген мыкты иштер, авторлорунун уруксааты менен архивге чогултулат. Конкурстун уюштуруучулары көрсөтмөлөрдө, фестивалдарда көрсөтүү үчүн жана билим берүү максаттары менен иштин көчүрмөсүн алып калуу укугун калтырат.
  9. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңип чыккан- иштер интерактивдүү CD-диск жана басма түрүндө жыйынтыкталат.
  10. Иштердин Конкурска жиберилиши бардык каралган шарттарды таануу катары кабыл алынат деп саналат.

Конкурстун уюштуруу комитети ишти эгерде ал кулактандыруудагы эскертилген талаптарга ылайык келбесе. карабай коюу укугуна ээ боло алат. Конкурстун номинациясы: Радио, Телекөрсөтүү, ММК басылмалары, Интернет-басылмалар. Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу. Экологиялык Журналистика -2015! Регионалдык Конкурсунун Финалы 2015-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында өткөрүлөт.

Кошумча маалымат алуу, ошондой эле, конкурска иштерди жиберүү үчүн, төмөнкү дарекке кайрылууңуздарды суранабыз:

Кыргызстан:
Орхус Борбору Ош ш., Курманжан-Датка к, 287;Тел: +996 778 661894;
Е-mail: aarhus@ktnet.kgarhus.osh.kg@rambler.ru

Бишкек шаарындагы Орхус Борбору: Бишкек ш., Горький к., 142, каб.- № 314; Тел.:+996 312 544110;
E—mail: aarhuscentre.kg@gmail.com

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *