Консультативдик Кеңештин жана Пресс-Клубдун биргеликтеги жолугушуусу

2018-жылдын 27-апрелинде Ош шаарындагы Орхус борборунун алдында түзүлгөн Консультативдик Кеңештин жана Пресс-Клубдун  биргеликтеги жолугушуусу болуп өттү. Күн тарбине борбордун 2017-жылдагы аткарган долбоорлору жана 2018-жылга белгиленген пландары боюнча директордун маалыматы коюлду. Жолугушууга Консультативдик Кеңештин жана Пресс-Клубдун курамы жана борбордун кызматкерлери катышышты.

Борбордун директору К. Исабаев төмөндөгү долбоорлордун аткарылышы боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берди.

Ал долбоорлор:

  • Суу – өмүрдүн жана тынчтыктын булагы;
  • Сүйлөшүү аркылуу экологиялык коопсуздукка жана табигый коркунучтардын тобокелчилигин төмөндөтүүгө жардамдашуу;
  • Табигый коркунучтарды азайтуу жана ОБСЕнин ишмердүүлүгү болуп жаткан аймактагы коопсуздук:
  • Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды тартуу;
  • Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө.

Орхус борборунун жана Коомдук экологиялык маалымат борборлорунун жетекчилери улуттук жана Эл аралык тренингдерге катышуу аркылуу өздөрүнүн потенциалын жогорулаткандыгын да кошумчалады. Маалымдоонун аягында директор катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

2018-жылдын планын талкуулоо учурунда катышуучулардан төмөндөгү сунуштар түштү:

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча Аймактык Башкармалыгынын башкы инспектору А. Мамыраимов жана “Орчун” Коомдук Бирикмесинин жетекчиси А. Чатаев малдын көптүгүнөн жайыттардын абалы бузулуп, кээ бир өсүмдүктөрдүн түрү жоголуп кетип бараткандыгын, жайыттар адам жашаган жайга айланып бараткандыгын жана топурактын курамы бузулуп аткандыгын айтышты. Алардын айтуусунда ушул себептен калктуу пункттарга жакын жерлерде көчкүлөр жүрүүдө.

Көп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагында таштанды жайгаштыруучу атайын полигондор жок. Ал эми бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-июнундагы №415-чи токтомун аткарбоо болуп эсептелет. Ушул көйгөйлөрду алдын алуу максатында катышуучулар тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу уюштурууну сунуш кылышты.

“Эхо Оша” гезитинин кабарчысы С. Назарова журналисттердин жана тиешелүү кызматтардын адистеринин катышуусунда жайыттарга пресс-турду уюштурууну сунуш кылды.      Тоо кен тармагы жана курчап турган турган чөйрөнү коргоо боюнча көзкарандысыз серепчи Г. Сооронкулов өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана мергенчилик жамааттарды түзүү максатында Чаткал жана Аксы райондорунда тренингдерди уюштурууга Орхус борборунун жардам берүүсүн суранды. Катышуучулардан түшкөн сунуштар борбордун жумуштарын пландоодо эске алынат.

Жолугушуунун аягында бобордун директору негизги өнөктөш катары МамЭкотехинспекцияга жана  Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине Орхус Конвенциясын ишке ашырууда, курчап турган чөйрөнү коргоодо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгилик каалады.

Бул жолугушуу ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан “Кыргызстанда экологиялык коосуздукка жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан өткөрүлдү.

Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *