Майлуу-Суу шаарындагы ишембилик

2018-жылдын 06-мартында Ош шаарындагы Орхус борбору Майлуу-Суу шаарынын Мэриясы жана Шаардык Кеңеши менен биргеликте Заводская көчөсүндө жайгашкан скверге көчөттөрдү отургузуу боюнча ишембилик өткөрдү. Ишембиликте шаардын жашылдандыруу ишканасынын жамааты, Шаардык Кеңештин кызматкерлери, №76-Кесиптик Лицейдин жамааты жана Майлуу-Суу шаарындагы Коомдук экологиялык маалымат борборунун волонтерлору катышышты. Жалпысынан скверге 400 даана свидина көчөттөрү отургузулду.

500 даана айлант жана 200 даана унаби көчөттөрү Сары-Бээ жана Көк-Таш аймактык кеңештеринин аймактарына отургузулду.

Жумуштун аягында Орхус борборунун жетекчиси Каныбек Исабаев катышуучуларга «Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди жана жашылдандыруу ишканасынын жетекчисинен (Т. Асанов) көчөттөрдү сактоосун жана аларга дайыма карап туруусун суранды.

Шаардык Кеңештин Төрагасы ОБСЕнин Бишкек шаарындагы Программалык офисине жана Ош шаарындагы Орхус борборуна ишембиликти уюштургандыгы жана көчөттөр менен камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Майлуу-Суу шаарындагы №5-Орто мектебинин окуучуларына жана ишембиликтин катышуучуларына ОБСЕнин Бишкек шаарындагы Программалык офисинин каржылоосу менен басылып чыккан радиациялык коопсуздук боюнча китепчелер таркатылды.

Бул иш-чара курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртууга жана жергиликтүү жашоочулардын эс алуусуна жагымдуу шарт түзүүгө багытталып, ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан «Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Ош шаарындагы Орхус борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *