“Коомдук мониторингди жана Коомдук угууларды өткөрүү” тренинги

2018-жылдын 26– февраль күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Шекафтар айылында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан жаңы түзүлгөн жумушчу комиссиялардын мүчөлөрү үчүн “Коомдук мониторингди жана Коомдук угууларды өткөрүү” деген тренинг өткөрүлдү жана ага 12 адам катышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К. Исабаев тренингди ачып, катышуучуларга Орхус Борбору, Орхус Конвенциясынын Кыргыз Республикасында ишке ашырылышы,  “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди жана маалыматты жашоочуларга таркатууда жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн ролу абдан маанилүү экендигин белгиледи.


Тренингдин башында Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси Т. Жумабеков катышуучуларга “Айлана-чөйрөнүн абалына коомдук мониторингди өткөрүү боюнча практикалык сунуштар”, “Айлана-чөйрөнүн абалына коомдук мониторинг боюнча экологиялык инспекторлор үчүн колдонмо” жана “Коомдук угууларды өткөрүү боюнча колдонмо” китепчелери жөнүндө катышуучуларга кеңири айтып берди.

Тренингдин модулдарында коомдук монитоинг деген эмне, анын максаты жана милдеттери, түрлөрү жана объекттери, коомдук мониторингдин укуктук жагдайлары, Орхус конвенциясы боюнча коомчулуктун катышуусу жана анын принциптери, Коомдук угуулар, алардын максаты, принциптери, эрежелери, жол-жоболору, өткөрүүнүн этаптары жана коомдук угуулардын протоколунун формалары жөнүндө катышуучулар менен талкуу жүргүзүлдү.

Тренингдин аягында катышуучулар тарабынан суроолор берилип, аларга тренингдин уюштуруучулар жооп беришти.

Тренингде катышуучуларга төмөндөгү таркатма материалдар таркатылды:

  1. “Айлана-чөйрөнүн абалына коомдук мониторингди өткөрүү боюнча практикалык сунуштар” китепчеси;
  2. “Айлана-чөйрөнүн абалына коомдук мониторинг боюнча экологиялык инспекторлор үчүн колдонмо” китепчеси;
  3. “Коомдук угууларды өткөрүү боюнча колдонмо” китепчеси.

Ош шаарындагы Орхус борборунун  коомчулук менен иштөө адиси

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *