Орхус борборлору ар кайсы аймактарда тегерек столдорду өткөрүштү

Апрель айынын аягында – май айында Нарын, Ысык-Көл жана Бишкек шаарларынын Орхус Борборлору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен коомчулуктун катышуусунда тегерек столдорду өткөрүштү. Алсак, 29-апрель күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында райондук администрациянын имаратында тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чаранын уюштуруучусу Нарын Орхус борбору жана райондук мамлекеттик администрациясы болду. Ага акимчиликтин өкүлдөрү, облустун экологиялык кызматтарынын жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлери, коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жыйындын темасы – аймактын экологиясын таза түрүндө сактоо жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу маселелерин талкуулоо болду. Жолугушуунун катышуучулары актуалдуу көйгөйлөрдү кароого активдүү катышып, аларды кызыктырган маселелерди талкуулай алышты.

10-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Брскон айылында Ысык-Көл Орхус борбору тарабынан уюштурулган тегерек стол айылдык маданият үйүндө болуп өттү. Ага Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Асамбаев А.Т., «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу көзөмөлдөө-текшерүү кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын адистери, айыл өкмөттөрүнүн кварталдык комитеттеринин төрагалары, мектеп мугалимдери, айыл өкмөтүнүн орун басарлары катышты. Бул иш-чаранын күн тартибине Барскоон айыл өкмөтүнүн аймагындагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоо жана мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

16-майда Талас областынын областтык борборунда ЖРЭТКМнын Талас облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери, областтык журналисттер жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты катышуучуларды Орхус борборлорунун иши менен тааныштыруу, айлана-чөйрөнү коргоо органдарын алардын аймактагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө чакыруу. Ошондой эле Орхус борборлорунун абалы жөнүндө толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү болду.

Жолугушуу ийгиликтүү өтүп, көптөгөн суроолор берилип, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча өз көз караштары сунушталды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *