Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн алкагында, Кыргыз Республикасынын сууларынын запасы жөнүндө коомдук талкуулоо

img_20160915_101835

2016-жылдын 14-сентябрында Нарын шаарынын Жаштар Үйүнүн имаратында «Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн алкагында, Кыргыз Республикасынын сууларынын запасы    жөнүндө» доклад боюнча коомдук талкуулоо болуп өттү. Аталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилип жана экинчи окууда талкууланып жатткандыгы жөнүндө айтылды.

Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө калкка маалыматты жеткирүү жана ушул жааттагы иштердин абалы боюнча түшүндүрүү максатында, Бишкек шаарындагы Орхус Борбору Нарын областынын коомчулугуна жана жарандык коомунун катышуусу менен талкуулоону уюштурду.     Аталган маселе боюнча докладчы  Орхус Борборунун эксперт-консультанты Джайлообаев А. болду.

img_20160915_101916

Ал Кыргыз Республикасынын сууларынын запасы    жөнүндөгү көйгөйлөрдү бир катар жылдардан бери изилдеп жүргөндүктөн, өзүнүн докладында талкуунун катышуучуларына өлкөнүн региондорунда бүгүнкү күндө суулардын запасынын абалы  кандай болуп жаткандыгын, суулар кандайча жана канча пайдаланылып жаткандыгын, суулардын запасына  түгөтүүчүлүк менен жасалган мамилени, суунун тартыштык көйгөйлөрүн, мамлекеттик түзүмдөр тарабынан , ошондой эле калктын сууну сарамжалдуу пайдалануусу боюнча, сууну пайдаланууну жөнгө салуу үчүн ченемдик укуктук актыларды кайра кароонун зарылдыгы тууралуу айтып берди.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан  Нарын областындагы суулардын запасынын абалы жана көйгөйлөрү, ичилүүчү суулар боюнча маселелер, курчап турган чөйрөнүн абалы, курчап турган чөйрөнү коргоо маселелериндеги мамлекеттик түзүмдөр тарабынан контролдун жетишсиздиги айтылды. Курчап турган чөйрөнү коргоодогу мыйзам бузуулардын алдын алуучу экологиялык кызматтардын жана түзүмдөрдүн дарегине көп сандаган кемчиликтер айтылды.

Ошондой эле, катышуучулар Кыргыз Республикасынын сууларынын запасын коргоо максатында    сууну пайдаланууну жөнгө салуучу  ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну жана  Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун зарылдыгы жөнүндө жакшы ойлорду билдиришти.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *