Ысык-Көл Орхус борбору Жети-Өгуз айылында тегерек столду өткөрдү

2023-жылдын 18-майында Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн жыйындар залында, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Жети-Өгүз, Ак-кочкор айылдарынын жашоочулары, айыл өкмөттүн кызматкерлери катышты.

Тегерек столдун максаты: Орхус конвенциясы, принциптери, Кыргызстандагы Орхус борборлору, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун ишмердүүлүгү менен коомчулукту тааныштыруу. Жети-Өгүз айылындагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулап, мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү иштерди алып баруу.

Тегерек столду Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн орун басары А.Калыков ачып, айыл өкмөттүн атынан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Андан сон, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов, катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, Кыргызстандагы Орхус борборлору, борборлорду түзүүнүн максаттары, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Күн тартибиндеги 2-маселе боюнча Жети-Өгүз   айыл өкмөтүнүн орун басары Калыков Абай – айылдын тургундары, жаштары менен биргеликте ишембиликтерди уюштуруп, айылдын ичин таштандылардан тазалоо, көрктөндүрүү иштерин колго алганбыз.

Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча Жети-Өгүз  райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын  ага лейтенанты Өмүралиев Талант- туристтик-экологиялык милиция түзүү боюнча жашоочулардан сунуштар түшүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен туристтик-экологиялык милиция болуп уюшулган. Уюшулгандан бери экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча бир катар алгылыктуу иштер аткарылды. Браконьерчилик боюнча көп иштер жасалып, бүгүнкү күнү браконьерчилик дээрлик токтоду.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан айылдардын тазалыгы, Көк-Жайык жайлоосундагы жайкы мезгилде таштандыларды ташып кетүү көйгөйлөрү, жайыттардын деградациясын алдын алуу үчүн малдын санын азайтуу, малдарды алыскы жайыттарга чыгаруу, токой чарбасынын жарандар менен иштерди алып баруудагы кемчииликтери, таштандыларды, жалбырактарды өрттөө, жаратылышты коргоо жаатында жашоочулардын жоопкерчиликтери тууралуу маселелер көтөрүлүп, кызуу талкуулар болду.

Катышуучулардын сунуштарынын негизинде, тегерек столдун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

1. Көк-Жайык жайлоосуна экологиялык пост ачуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуулар жиберилсин.

  1. Курчап турган чөйрөнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата, айыл тургундары, жаштардын катышуусу менен таштандыларды тазалоо боюнча 2023-жылдын 3-июнунда экологиялык акция өткөрүлсүн.
  2. Жети-Өгүз токой чарбасынын, жарандар менен ижара келишимдерин түзүүдө, токой чарбасынын жерлериндеги тазалык, мыйзамсыз кыюулар боюнча иштерди алып барууда жоопкерчилигин күчөтүү максатында, Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнө кайрылуу жолдонсун.

Тегерек столдун сонунда Жети-Өгүз айыл өкмөтүнө, туристтик-экологиялык милицияга ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда даярдалган ченемдик-укуктук актылардын топтомдору тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *