Кыргыз-Турк «Манас» Университетинин «Биота» студенттик экологиялык клубунун мучөлөрү менен жолугушуу

vstrecha-s-chlenami-studencheskogo-ekologicheskogo-kluba-biota-kyrgyzsko-turetskogo-universiteta-manas

2015–жылдын 30- октябрында Бишкек шаарынын Орхус Борборунун кызматкерлеринин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «БИОТА» студенттик экологиялык клубунун мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Аталган клуб 5 жыл аралыгынан бери иштеп келе жатат жана өзүнүн курамында университеттин 60га жакын студенттерин камтыйт. Клубдун негизги өзөгүн түзгөн университеттин 1- ден 4- курстарына чейин окуган жогорку курстардын ыктыярдуу студенттери, анын ичинде кээ бир активдүү студенттер бар. Булар университеттин 3 –курсунун студенттери Жайнак Исабеков, Адиль Аденов, Берк Амейсетов, Бакыт Акбеков жана башкалар. Негизинен клубдун ишмердүүлүгү курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча экологиялык иш чараларды өткөрүүгө багытталган. Бул ар кандай акциялар, ишембиликтер, флэш-мобдор.

vstrecha-s-chlenami-studencheskogo-ekologicheskogo-kluba-biota-kyrgyzsko-turetskogo-universiteta-manas2

Орхус Борборунун кызматкерлери өздөрүнүн ишмердүүлүк аракеттери жөнүндө баяндап, иш планы жөнүндө, жүргүзүлгөн иш чаралар жөнүндө , өткөрүлгөн акциялар тууралуу айтып беришти. Өткөрүлгөн акциялар боюнча бир катар видео жана фото-сүрөттөрдү көрсөтүштү, өздөрүнүн веб-сайтындагы материалдар менен тааныштырышты. Клубдун мүчөлөрүнө курчап турган чөйрөнү коргоо маселелеринде аракеттерди бириктирүү сунушталды, ошондой эле студенттердин жана жарандык коомдун ортосунда биргеликте үгүттөө жана маалыматтык агартуу иш чараларын жүргүзүү сунушу билдирилди.

Бул максаттар үчүн Орхус Борбору ушул иш чараларды уюштуруу боюнча даярдык көрүүдө жана республиканын башка жогорку окуу жайлары менен аракеттерди бириктирүүдө көмөк көрсөтө алат Клубдун мүчөлөрү Орхус Борборунун сунуштары менен кызыкдар болушуп, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ар кандай иш чараларды өткөрүү боюнча аракеттерди бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Ошондой эле, аларды биздин китепканабыз кызыктырды жана Орхус Борборунун волонтерлору болуу сунушун билдиришти.

vstrecha-s-chlenami-studencheskogo-ekologicheskogo-kluba-biota-kyrgyzsko-turetskogo-universiteta-manas

vstrecha-s-chlenami-studencheskogo-ekologicheskogo-kluba-biota-kyrgyzsko-turetskogo-universiteta-manas

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *