Кыргызстанда сот органдары үчүн Орхус конвенциясынын (ОК) негиздери боюнча окуу курсу башталды

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын (КР) Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин (САЖМ) базасында КР судьялары үчүн ОК негиздери боюнча окуу курсу башталды. Тренингдин уюштуруучулары – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен КР Жогорку Соту, САЖМ, КР Судьялар Ассоциациясы (СА) жана Бишкектеги Орхус Борбору (ОБ).

Окутуу КР СА кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан жана КР Жогорку сотунун Судьялар кеңеши тарабынан бекитилген окуу-методикалык колдонмолордун жана модулдарынын негизинде жүргүзүлөт. Окуу процессинин жүрүшүндө өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 80-ге жакын судьяны окутуу пландалууда.

Тренингдин негизги максаты – улуттук экологиялык мыйзамдарды (УЭМ) жана ОК (маалыматка жетүү, чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун катышуусу жана маселелер боюнча сот адилеттигине жетүү айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу) – колдонуу маселелери боюнча КР судьяларынын потенциалын күчөтүү. Бул тренинг ОК жана анын сот тутумунда колдонулушу жөнүндө билим алууга, тренингдин катышуучуларын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы КР акыркы кабыл алынган ченемдик укуктук актылары менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошентип, тренингдин уюштуруучулары КР судьялары алган билимдерин ОК жоболорун эске алуу менен КР жарандарына алардын экологиялык укуктарынын бузулушу боюнча кайрылууда колдонот деп ишенишет.

21-сентябрда Жогорку соттун окуу залында Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустарынын 15 судьясы окуудан өтүштү. Тренерлер Арстанбаева Д.Э. – КР Жогорку сотунун судьясы, КР АС коллегиясынын төрагасы жана В.Болтобаева – көз карандысыз юрист, КР АС мүчөсү. Алар керектүү материалдарды беришти, ОК жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзам актылары менен тааныштырышты, тренингдин катышуучулары менен практикалык көнүгүүлөрдү жана тесттерди өткөрүштү.

ОБ атынан ар бир катышуучуга 2016-2022-жылдарга айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жыйнактары, КР айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары боюнча маалымдамалар, ОК боюнча окуу куралы таркатылды. Ал тренингдин катышуучулары өз иштеринде колдоно ала турган материалдар.

Тренингдин аягында САЖМдын, АСнын, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана ОБун атынан иш-чаранын ар бир катышуучусуна тренингди аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Бишкектеги Орхус борборунун планында Ош, Жалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарларында тренингдерди өткөрүү каралган.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *