Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Жалал-Абад Аймактык Башкармалыгында болуп өткөн тренинг

2018-жылдын 25-майында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Жалал-Абад аймактык Башкармалыгынын жыйындар залында башкармалыктын токой чарбасын коргоо жана сактоо боюнча инженерлери үчүн “Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү иш кагаздарын толтуруу” тренинги болуп өттү жана ага 29 инженер катышты.

Тренигти Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун директору К. Исабаев жана Башкармалыктын башчысы Б. Эрмековтор ачышып, сөз сүйлөштү:

Башкармалыктын башчысы тренингти уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн ОБСЕге жана Орхус борборуна ыраазычылык билдирип, бул иш чаранын маанилүүлүгүн, өз убагында өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, борбордун ишине ийгилик каалады.

К. Исабаев борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, 2018-жылга Жалал-Абад облусу боюнча пландаштырылган иш чараларды катышуучуларга айтып, бул иш чараны уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн Башкармалыктын  жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Тренингти тренер С. Томаев өтүп, ага Башкармалыктын Токой экосистемаларын өнүктүрүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана мергенчилик ресурстары бөлүмүнүн адистери (Л. Абдыразакова-бөлүм башчы, У. Кожоев-жетектөөчү адис, Д. Исраилов-башкы адис жана Э. Токтоназаров-адис) жардам беришти.

Тренингте катышуучулар менен төмөндөгү маселелер каралды жана талкууланды:

– Жаратылышты коргоо мыйзамдары бузулган учурда актыларды, протоколдорду туура толтуруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындаг №668-чи “Жер кыртышын бузууда кетирилген чыгым үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө” Токтомун талкуулоо;

– Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугунун эрежелери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы №371-чи “Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугунун эрежелери” Токтомунун көрсөтмөлөрүн талкуулоо;

– Кошумча текшерүүнүн эрежелери;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы, 2017-жылдын 18-августундагы №224, №501-чи “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө” Токтомун талкуулоо;

– Мергенчилик эрежелери бузулган учурда актыларды, протоколдорду туура толтуруу, токой фондунун аймагына таштанды таштоого тыюу салуу.

Тренингтин башталаардан мурда тренер тарабынан катышуучуларга ар кандай учурдагы жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча актыларды, протоколдорду толтуруу тапшырмалары берилип, суроо-жооп усулдары пайдаланылып, интерактивдүү түрдө өттү. Аягында толтурулган документтер чогултулуп, тренер, фасилитаторлор тарабынан текшерилип, кетирилген каталар боюнча туура сунуштар берилди.

Тренингте жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы талкууланып, катышуучулар мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөр менен таанышышты. Инженерлер өздөрү практикалык түрдө учураткан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушу фактылары жана аларга түзүлгөн документтер жөнүндө ой бөлүштү.

Аягында Орхус Борборунун директору К. Исабаев курчап турган чөйрөнү коргоодо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоодо токой чарбалары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, коруктар менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.  Биргеликте иш алып баруу боюнча сунуштарды берүүгө чакырды. Тренингке активдүү катышкандыктары жана токойлорду сактоодо баалуу тажрыйбалары менен бөлүшкөндүктөрү үчүн  катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Аймактык Башкармалыктын жетекчиси тренингти уюштургандыгы жана курчап турган чөйрөнү коргоодо кызматташкандыгы үчүн ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесине ыраазычылык билдирди.

Тренинг жөнүндө маалымат Жалал-Абад Облустук Мамлекеттик телерадиокомпаниясы (МТРК) тарабынан даярдалып, компаниянын кечки жаңылыктар түрмөгүндө эфирге берилди.

 

Катышуучуларга төмөндөгү таркатма материалдар таркатылды:

  1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын топтому. 1- Том. Кодекстер жана Мыйзамдар. Бишкек – 2016.
  2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын топтому. II-Том. «Мыйзам актылары, окуу-усулдук документтер», I-бөлүм, Бишкек – 2016.
  3. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын топтому. II-Том. «Мыйзам актылары, окуу-усулдук документтер», II-бөлүм, Бишкек – 2016.
  4. Административдик жоопкерчилик боюнча Кыргыз Республикасынын Кодекси (2017-жылдын 2-августуна карата өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен);
  5. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодекси;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97-чи “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачтарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн Эрежеси” Токтому;
  7. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы №113-чү “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-июлундагы №140-чы “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы №18-чи “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  11. Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
  12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындаг №668-чи “Жер кыртышын бузууда кетирилген чыгым үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө” Токтому;
  13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы №371-чи “Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугунун эрежелери” Токтому;
  14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №810-чу “Кен казып алууга жер участкасын ажыратуу маселеси жөнүндө”Токтому;
  15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192-чи “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому.

Бул тренинг ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан “Кыргызстанда экологиялык коосуздукка жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Жалал-Абад аймактык Башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

 

Орхус маалымат борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси:

Т. Жумабеков

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *