Нааматов атындагы Улуттук мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Нарын шаарындагы Орхус Борбору 2023-жылдын 21-ноябрында НМУнун студенттери үчүн “Орхус Конвенциясын ишке ашырууда жаштардын ролу” деген темада семинар өткөрдү.

Семинарга агротехнология факультетинин студенттери жана окутуучулары катышты. Семинардын жүрүшүндө Нарын шаарындагы Орхус Борбору, Борбордук Азия Университетинин (БАУ) «Тоо коомдорун изилдөө институтунун» бөлүмү, Нарын мамлекеттик «Салкын-Төр» жаратылыш паркынын илимий кызматкери тарабынан тааныштыруу баяндамалары угулду. Алар аткарылган иштер тууралуу айтып, студенттер менен иштөөнүн келечеги жана пландары тууралуу кеңири маалымат берди. Андан соң, КР МУКК алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын өкүлү Мортуков Акылбек аталган кызматтын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасап, экологиядагы көйгөйлөргө токтолду.

Семинардын катышуучу-студенттерине бул абдан кызыктуу жана мазмундуу болду. Жолугушууда НМУ студентер менен коруктардын биргелешкен бир нече иш-чаралары да пландалган. Студенттердин экологияга болгон кызыгуусун эске алып, Орхус борборунун менеджери Калмуратов С., өнөктөштөр менен биргеликте мындай семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну жана алардын иш-чараларына университеттин студенттерин тартууну сунуштады.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *