Радиациялык коопсуздук боюнча семинар өткөрүлдү

01.08.2023-жылы Майлуу-Суу шаарында “Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери” темасында семинар Ош шаарындагы Орхус Борбор тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен “Уран калдыктары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды тартуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Бул семинарга Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 24-б 08.02.2021-жылкы буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын мүчөлөрү катышты. Жалпысынан 14 адам катышты.

Семинардын негизги максаты уран мурастарынын объектилерин рекультивациялоо боюнча чарбалык субъекттердин ишин талдоо жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө  маалыматтарды коомчулукка маалымдоо боюнча жумушчу комиссиянын билимин жогорулатуу болуп саналат.

Эксперт тарабынан «Радиациялык коопсуздук» боюнча төмөнкү темаларда презентация жасалды:

  1. Радиациянын организмге тийгизген таасири жана анын кесепеттери;
  2. Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу;
  3. Мурдагы уран өндүрүшүнүн объектилерине мониторинг жүргүзүү темаларында маалымат жеткирилди.

Ошондой эле семинарда уран мурас объектилеринде аткарылып жаткан иштер тууралуу КР ӨКМге караштуу калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментинин жана долбоорду башкаруу тобунун адистери маалымат беришти. Аталган мекеме, уюмдун өкүлдөрү семинардын катышуучуларынын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар семинардын алкагында берилген маалымат кызыктуу жана пайдалуу болгонун билдиришип, жумушчу комиссияны натыйжалуу уюштуруу боюнча төмөнкү өз сунуштарын билдиришти:

  1. Жумушчу комиссиянын төрагасы катары Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри бардык мүчөлөрдүн отурумдарга катышуусун камсыз кылсын.
  2. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү үчүн Ватсап группа түзүлсүн(маалымат алмашууда жана маселелерди чечүүдө жакшы жыйынтык берет).
  3. Ай сайын же үч айда бир жолу рекультивациялык иштер жүргүзүлүп жаткан жерлердеги объекттерге баруу.
  4. Объектиге барганда операторлор жумушчу топтун мүчөлөрүн жеке коргонуу каражаттары жана жеке дозиметрлер менен камсыз кылышы керек.
  5. Калк үчүн таркатылуучу маалыматтык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде болсун.
  6. Мурдагы уран объектилеринин аянттарында пландаштырылган иштер жана кооптуу объекттердин жанында коопсуз жашоо эрежелери жөнүндө маалыматтарды калкка жеткирүү боюнча иштерди КР ӨКМ РКА, ДБ группасы жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте жүргүзсүн.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *