Салтанаттуу чогулуш

2018-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош  облусу боюнча Ыйгарым Укуктуу Өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында бирдиктүү экологиялык тармактын 30 жылдыгына жана курчап турган чөйрөнү коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата  Салатанаттуу чогулуш болуп өттү.

Чогулуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана Токой Чарба агенттигинин Ош Аймактык Башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Аны башкармалыктын башчысы Ж. М. Баатыров ачты. Ал башкармалыктын тарыхы жана азыркы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача баяндама жасады. Бардык катышуучуларды кесиптик майрамдары менен куттуктап, алдыңкы кызматкерлерди Ардак грамоталар менен сыйлады.

Чогулушта Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары – М. М. Махамадов, Курчап турган чөйрөнү коргоо Жана Токой чарба Мамлекеттик агенттигинин Ош Аймактык Башкармалыктын ардагери – А. Т. Тажибаев, Курчап турган чөйрөнү коргоо Жана Токой чарба Мамлекеттик агенттигинин өкүлү – И. М. Сарыбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык Инспекциясынын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы – М. Р. Маметов, Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К. И. Исабаев, Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин башчысы – А. Алымкулов жана Ош шаарындагы Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү сөз сүйлөшүп катышуучуларды кесиптик майрамдары менен куттукташты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору К. И. Исабаев Орхус Конвенциясын ишке ашырууда жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда кызматташкандыктары үчүн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана Токой чарба Мамлекеттик агенттигинин Ош Аймактык башкармалыгына жана Мамлекеттик Экологиялык жана Техникалык инспекциясынын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгына ыраазычылык билдирди. Бардык катышуучуларды кесиптик майрамдары менен Орхус борборунун атынан куттуктап,   Мамлекеттик Экологиялык жана Техникалык Инспекциясынын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы – М. Р. Маметовко, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана Токой чарба Мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы, Орхус Борборунун алдындагы Консультативдик кеңештин мүчөсү – А. А. Чынкараевке,  Экологиялык жана Техникалык Мамлекеттик Инспекциясынын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгынын башкы инспектору, Орхус Борборунун алдындагы Консультативдик кеңештин мүчөсү – А. Ж. Мамыраимовко жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана Токой чарба Мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси – Т. А. Мамашовко Ош шаарындагы Орхус Борборунун Ардак грамоталарын тапшырды.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси,

Т. Жумабеков.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *