Семинардын темасы: «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сакталышынын негизи -Мыйзамдуу экологиялык укуктар жөнүндө коомчулуктун маалыматтуулугу»

2017-жылдын  17- мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын  конференц-залында  «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын сакталышынын негизи -Мыйзамдуу экологиялык укуктар жөнүндө коомчулуктун маалыматтуулугу» темасына арналган семинар өткөрүлдү.

Аталган семинарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиги, Бишкектеги  ЕККУ Борбору жана  Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан  биргеликте  өткөрүлдү.Мында региондогу   экологиялык кызматтардын  кызматкерлерин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө Орхус Конвенциясынын алкагында, жаратылышты бузуу учурларында, экологиялык мыйзамдарды колдонуунун негиздерине  окутуп үйрөтүү жүргүзүлдү.

Семинардын ишине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ысык-Көл башкармалыгынын, Ысык-Көлдөгү калкка билим берүү жана өнүктүрүү  регионалдык борбору,  «Ысык-Көл областындагы БӨУ Альянсы» Ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты. Окууларды Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун кызматкерлери жана консультант-эксперттери өткөрүштү.

Семинардын аягында, Бишкектеги Орхус борбору тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Бишкектеги ЕККУ Борборунун, Кыргыз Республикасындагы ПРООН  дун катышуусунда,  Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы   Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын 2009 –жылдан  2016-жылга чейинки кабыл алынган жана чыгарылган  жыйындысы нын 2 томдон турган тиражы презентацияланды.       Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы   Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын 2009 –жылдан  2016-жылга чейинки кабыл алынган жана чыгарылган  жыйындысына   Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары,  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, Кыргыз Республикасынын Кодекстери, Инструкциялар, Жоболор ж.б. ЧУА киргизилген.

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *