Сууларды эл аралык тазалоо Күнүнө арналган иш чаралар

Бүткүл  дүйнөдө ар жыл сайын сентябрдын биринчи декадасында «Сууларды эл аралык тазалоо Күнү» белгиленет, анын жүрүшүндө мамлекеттик кызматтардын жана коомчулуктун катышуусу менен суулардагы тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча ар кандай иш чаралар жүргүзүлөт. Тилекке каршы, Кыргызстанда аталган Күн  экологиялык коомдук уюмдардагы сүйүүчү-энтузиасттар тарабынан гана белгиленет.

Бишкек  шаарындагы Орхус Борбору өзүнүн өнөктөштөрү болгон «KGZ/Суу-Ысык-Көл» долбоору жана   «Таза Ысык-Көл» Ыктыярдуу Кыймылы менен бирдикте  2017-жылдын 1-4-сентябрында   Ысык-Көл областында ушул Күнгө арналган ар кандай иш чараларды өткөрүштү. Биринчи иш чара болуп «Ысык-Көл» аркылуу сууда сүзүү боюнча 2 күндүк марафондук сүзүү болду, анын старты 1- сентябрда саат 10.00 болуп, ал КР ОКМ регионалдык өкүлчүлүгү турган көл жээгинен башталып Жети-Огүз районунун Тамга айылында эртеси 2-сентябрь күнү бүткөрүлгөн.  Жыйынтыгында  марафон эч кандай кыйынчылыктар болбостон жакшы аякталды, ал эми маршруттун жалпы узундугу 65 км  ашык болду.

Сууда сүзүүдө «Таза Ысык-Көл» Ыктыярдуу Кыймылынын суучулдары катышышты, ал эми аларды  «Мөлтүр» илимий-изилдөө суднасында жана тез жүрүүчү катарлерде региондогу куткаруучулар кызматы коштоп жүрүштү. Сууда сүзүү боюнча иш чаралар ММК чагылдырылып турду,  алардын бири  «Мир 24» эл аралык телевизиондук каналынын корреспонденттери болушту, алар өздөрү иш чара өткөрүлгөн жерлерден репортаждарды алып жатышты. Белгилей кете турган жагдай, бул  Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы  Д.Б.Ибраимов сууда сүзүү иш чарасына катышуучулардын жүрүшүн активдүү уюштуруп бергендиги, ал эми Жети-Огүз районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнүн жакшы тосуп алгандыгы болду.

2017-жылдын  4 – сентябрында   Ысык-Көл районунун  Кара-Ой айылынын «Ак Бермет» пансионатынын конференц-залында    «Сууларды эл аралык тазалоо Күнүн өткөрүүнү колдоо –  Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сактоонун негизи» темасына арналган  тегерек стол өткөрүлдү жана аталган иш чаранын ишине коомчулуктун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, экологиялык түзүмдөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү  жана  Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын  окуучулары катышышты. Куттуктоо сөзү менен Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары   Сарбагышев М.К., Бишкектеги ЕККУнун программалык  офисинин   кенешчиси  Прудцких Д. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын начальнигинин орун басары  Кулатаев М.М. сүйлөштү. Тегерек столдун катышуучуларына  Орхус Борборунун аткарган иши жөнүндө жана «KGZ/Вода-Иссык-Куль» долбоорунун алкагында көлдүн суусунун сапатына жүргүзүлгөн  мониторинг тууралуу маалыматтар  презентацияланды. Финляндиянын   Курчап турган чөйрөнү коргоо Институтунан келген коноктор тарабынан  микропластиканы колдонуу көйгөйлөрү жөнүндө жана   Балтика регионунда «Сууларды эл аралык тазалоо Күнүн өткөрүү» тажрыйбасы  жөнүндө материалдар презентацияланды. «Таза Ысык-Көл» Ыктыярдуу Кыймылынын директору 2017-жылдын 1-2-сентябрында   Ысык-Көлдү тазалоого байланыштуу өткөрүлгөн марафонду жыйынтыгы тууралуу, ушул Сууларды эл аралык тазалоо Күнүн өткөрүү алкагында иш чараларды өткөрүү  тажрыйбасы жөнүндө өз сөзүндө  айтып берди.

Тегерек столду өткөрүүгө катарлаш Чолпон-Ата шаарынын Осмонов атындагы орто мектебинин окуучуларынын арасында Курчап турган чөйрөгө байланышкан ар кандай темаларда Фестиваль-конкурс уюштурулду. Конкурстун ишине ар түрдүү класстардан 30 жакын окуучулар катышышты, ал эми женүүчүлөрдү жюри аныктады, жюринин курамына Бишкек шаарындагы экологиялык багыттагы мектеп-гимназияларынын жогорку класстагы окуучулары киришкен. Алар дагы өз курбалдаштарына экология көйгөйлөрү жөнүндө даярдалган материалдарын презентациялашты.

Конкурстун женүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышты, ал эми алар окуган мектептерге   Орхус Борбору  ондогон адабий көркөм китептерди   мектеп библиотекасынын фондуна берип жиберишти. Тегерек столдун ишинин жана сүрөттөр боюнча Фестиваль-конкурстун  аягында катышуучулар  Чолпон-Ата шаарынын коомдук пляжында көлдүн суу жээгин тазалоо боюнча ишембиликке катышышты.

«Таза Ысык-Көл» Ыктыярдуу Кыймылынын суучулдарынын жардамы менен көлдүн суу жээги  тиричилик калдыктардан тазалап чыгарылды  жана чогултулду, алар баштыктарга бөлүнүп салынды, андан кийин иш чаранын катышуучулары калдыктарды атайын бөлүнгөн жерлерге жеткиришти, кийин алар атайын машиналар менен шаардык калдык чыгаруучу жайларга чыгарылып салынды. Бардык иш чаралар аяктагандан кийин катышуучулар Ысык-Көлдө болгон күндөрү жөнүндө эстеликке алып калуу үчүн бардыгы биргеликте сүрөткө түшүштү.Аягында тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын  Сууларды эл аралык тазалоо Күнүнө кошулуусу жөнүндө  жана  сентябрь айынын биринчи декадасында «Кыргызстанда Сууларды эл аралык тазалоо Күнүн» белгилөө жөнүндө расмий статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу кабыл алышты.

Кайрылууну төмөндөгү шилтемеде тааныша аласыздар.

Проект обращения

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *